"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Таза суу маселеси жайкысын борбор калаага жакын жайгашкан айылдарда да негизги көйгөйгө айланат. Маселен, азыркы тапта Сокулук районунун Сары-Өзөн конушундагы жүздөгөн үй-бүлө таза сууну бир нече чакырымдан ташып ичүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү суунун тартыштыгына элдин өзүн күнөөлөп келет.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, ага айып тагуунун жол-жобосун караган депутаттык комиссиянын корутундусун парламенттин эки комитети колдоду. Мурдагы өлкө башчыга алты оор кине тагылды.
Айылда кой бакканын жомок кылып жазган Марлэн. Айылына 2 млн. сомго балдар аянтчасын курган сузактык жаштар. Жол жээктеп кымыз саткан нарындык өспүрүмдөр. Өрүктөрүн Орусия, Казакстанга саткан баткендик дыйкандар. Социалдык көйгөйлөрдү, майып балдардын түрткүнчүлүк жашоосун көрсөткөн кыргызча мультфи
Орусияда камалган журналистти өлкөнүн тарыхында биринчи жолу белгилүү адамдар, басылмалар колдоп чыгышты. Украинада Чернобыль шаарын көрүүгө кызыккан туристтер быйыл өзгөчө көп. Бугу фермасын туристтик чарбага айландыргысы келген казакстандык ишкер.
“Данисте” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышына кирген баяндар: дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттыктын” жаңы китеби акысыз таратылат. Айылдагы үйүн киномузейге айланткан режиссёр Актан Арым Кубат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) коррупцияга каршы митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан Сооронбай Жээнбековду айыптады. Ал бийлик коррупция менен күрөштү шылтоолоп, саясий атаандаштарын куугунтукка алып жатканын билдирди.
Жаш жазуучу Марлэн Матназаровдун балдар үчүн жазган жомоктору, аңгемелери англис жана кыргыз тилдеринде жарык көрдү. Аталган китеп “Кара-Суудагы койчумандын он эки баяны” деп аталат. Автор китепте негизинен өзүнүн тагдыры, Москвада өткөн балалыгы, Ош облусунун Кара-Суу районунда кой кайтарып жүргөн
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова №1 тергөө абагына 26-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту Салянованын бөгөт чарасын караган отурумда кабыл алды.
«Мегаком» компаниясы түзүлгөн келишим боюнча «КТ Мобайл» ишканасына ушуга чейин 168 миллион сом которгон. Аталган каражаттын бир бөлүгү «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин айлык акысына жумшалса, 1 млн. 150 миң долларга жакыны бир нече банкта сакталып турат.
Тажикстанда бийлик мыйзамсыз курулган күмбөз, эстеликтерди буздурмай болуп жатат. Сирияга кетип, жакындарын сыздаткандар – ага-жеңесинен ажыраган келиндин арманы. Бир да күнүн атсыз элестете албаган Игорь – ал касапканага сойгону алып келишкен жылкыларды сатып алып, багат.
Жалал-Абад шаарында 20 жылдык жолугушууга камданган классташтар той-топур ордуна оор турмушта жашаган үй-бүлөгө там куруп беришти. Ала-Бука районунда 10 жылдыкка чогулгандар бир миллион сомго мектептин инфраструктурасын оңдошту. Балдар колониясында да акыркы коңгуроо кагылды.
Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарына арналган медиа форум өттү. Форумда ШКУну өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу талкууланды.
Акын жана жазуучу Олжобай Шакир поэзия сүйүүчүлөрдү 22-майда опера жана балет театрына чогултту.
Таласта жол боюна тигилген төрт жарым миллион сомдук туя-арчалары куурап калды.
Ысык-Ата районунун тургуну Кылыч Аргынбеков 30 жылдан бери гүл өстүрөт. Анын короосунда 200дөн ашык гүлдүн түрү бар. Үй-бүлө, бала-бакырасын гүл менен багып жаткан каарманыбыз бул иштин оош-кыйышы тууралуу айтып берди.
Сегиз жылдан бери Дубайда ишкерлик кылган кыргызстандык Жанара Борончуева. АКШдан Жалал-Абадга көчүп келип, оорукчан балдарды караган боорукер кыз Калла Вен. Мамлекеттик кызматтан фермерликке кеткен Марат Жусупов малдын туягын санабай, сапатын жакшырткысы келет. FIFA футбол Академиясы Ошто кыздар үч
«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 9 миңге жакын айдоочунун ичинен бирөө да балдардын автоотургучун колдонгон эмес. Андан тышкары балдардын төрттөн бир бөлүгү гана коопсуздук курун тагынары аныкталган.
96 жаштагы Керимбай Элебесов 17 жашында согушка кетип, Орусия, Украина, Беларуста согушка катышкан. Согуш талаасында эки жолу ок тийип, жараат алган ардагер от кечкен жылдар, Мекенде калган ата-энеси, 1946-жылы кайтып келип, там-туң баскан уулун көргөндөгү сезимдери менен бөлүштү.
7-майда Жогорку Кеңеште уран кенин казууга түбөлүк тыюу салган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өттү.
Ысык-Атада курулушу бүтө элек жаңы мектеп урай баштады. Орусияда иштеген кыргызстандык ата өз айылына бала бакча куруп берди. Нарында тери ыштап, кымыз чаначтарын жасагандар. Гонгконгдук балдарга математикадан сабак берген кыргыз бала. Аскадан секирип коркунучтан арылгандар.
Дагы жүктөңүз