"Азаттык" радиосунун баяндамачысы.
Өзбекстан Орусия менен бирге атом электр станциясы куруу жөнүндө келишимге кол койду.
"Кыргызстанда саясий жана административдик жетекчи кызматтарга даярдоо менен дайындоонун сапаты өзгөрдүбү? Кадрлардын улуттук резервин түзүү натыйжа бердиби?" деген суроолор кайрадан күн тартибине чыкты.
Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 2018-жылдын жыйынтыгы менен Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен экономиканын эң төмөн көрсөткүчү Кыргызстанда болорун билдирди.
Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы депутат Кожобек Рыспаев фракциядан чыгарылбай тургандыгын жарыялады. Ага чейин депутатты фракциядан чыгарууну КСДПнын саясий кеңеши сунуш кылган. 26 депутат "каршы", төртөө “макул” деп добуш берген.
Бишкекте Борбор Азиядагы коопсуздук боюнча кызматташтыкты талкуулаган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын сессиясы өтүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунда Борбор Азиядагы суу-энергетика ресурстарын пайдалануу тажрыйбасынын жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу зарылчылыгын айтып чыкты. Кыргыз парламентинде болсо кошуна өлкөлөргө суу сатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү.
Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Кыргызстандын социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басарына байланышкан чет өлкөдөгү окуя мамлекеттик кызматкердин этикасы жөнүндө суроону кайрадан күн тартибине чыгарды.
Учурда Кыргызстандын акыйкатчысы ким, кандай сапаттагы адам болушу керек деген суроо элдин талкуусунда.
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин акыркы билдирүүлөрү катуу сынга кабылууда.
Жогорку Кеӊештин тиешелүү комитети “Шанхай Кызматташтык Уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды.
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы карызынын тегерегинде айтылган кептерге жооп кайтарды.
Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин шериктеши саналган Евгений Гуревичтин маалыматтары тергөө жана соттук иштерде жаңы жагдайларды ача алабы?
Кыргызстанда үч жылдык тыныгуудан кийин Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жогорку деңгээлдеги жыйыны өттү.
2-сентябрда ачыла турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын саясий, экономикалык, идеологиялык, маданий маанисин арттыра алдыкпы же курулай каражат короткон, куру намыстын иш-чарасы болуп жатабы?
Эки күн мурда тажик-ооган чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, тажик куралдуу күчтөрү "Талибан" кыймылынын бир нече мүчөсүн жок кылышты. Ал арада Кыргызстандын коопсуздук кызматы "Ислам мамлекетинин" туусуна окшош байракты көтөрүп жүргөн топту кармады.
Интернет айдыңында, маалымат каражаттарында Кыргызстандын азыркы саясий жетекчилери динчил болуп баратканы тууралуу көп сөздөр айтылууда.
Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлер көрсөтүлө баштады.
Кыргыз өкмөтүндө республика боюнча 40 миң үйдүн курулушу мыйзамдаштырыла турганы айтылууда.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеште 2020-жылга чейинки шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы жактырылды.
Дагы жүктөңүз