“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.
Күз мезгилинде сасык тумоо, дем алуу органдарынын курч сезгениши сыяктуу оорулар күчөйт. Ушундан улам адистер сасык тумоого каршы эмделүүнү сунуш кылып жатат.
1-сентябрдан тартып жаңы окуу жылы аралыктан окуу менен башталганы турат.
Аял лидерлер вирусту оңой ооздуктоодо. Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Дарыгерлерге тоскоол болгон социалдык медиа. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндаманы сунуш кылабыз.
Коронавирус жугуп, ооруп айыккандардын арасында өнөкөт дарттары күчөп, жүрөк, кан тамыр оорулары менен жабыркагандар, көп убакытка чейин айыга албай жаткандар катталууда.
Жаңы окуу жылында 1-класстан башка окуучулар аралыктан билим алууну улантат. Адистер аралыктан билим алуу ата-энени жана баланы стресс кыларын айтып келишет. Канткенде бала менен тил табышып, анын окуусун жакшыртса болот? Кандайдыр бир психологиялык көндүмдөр, ыкмалар барбы? Ушул жана башка суроолорго USAID жана "Агахан" фонду каржылаган "Жергиликтүү өзгөрүү" долбоорунун психологу Нуриза Батырбекова жооп берет.
Пандемиянын айынан 1,4 миллиард калкы бар бул держава азык-түлүктү үнөмдөө маселесине көңүл буруп жатат.
Адатта балдар вирусту женил өткөрөт деп айтылганы менен мунун опурталдуу жагы да бар.
Президент өзүнө карата айтылган сындардан коргоого муктаж эмес экенин билдирди. Ошол эле маалда ар бир жаранды жоопкерчиликке чакырды.
Немис окумуштуулары Путиндин вакцинасын сындашты. Коронавирустан улам Борбор Азияга сырткы күчтөрдү таасири артышы ыктымал. Кыргыз-беларус алакалары кандай өнүгөт?
Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Кайсы жанрдагы китептер чыгат? Элдин талабы, учурдагы окурмандын табити бул каражатты сарптоодо эске алынабы?
Эксперттер пандемиянын таасирин комплекстүү божомолдоо иштерине көңүл бурулбай жатканын белгилеп жатышат.
Айрым эксперттер саламаттык сактоо системасы менен стратегиялык изилдөө жасаган тармактар кызматташпай жатканын белгилөөдө.
COVID-19 болуп ооруп айыккан адам өзүн кантип калыбына келтирет? Реабилитация канчага созулат? Ал кандай тамактанышы керек?
COVID-19 илдети менен бир жолу ооруган адам экинчи ирет оорушу мүмкүнбү?
Коррупция күч алган өлкөлөрдө чиновниктер семиз болору аныкталды, вирус Борбор Азиядагы адамдардын интеллектуалдык өнүгүүсүн бир топко кечеңдетет, Британияда пандемиядан улам мусулмандарды кодулоо күч алды.
Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен эл аралык DyNed платформасы Кыргызстандын туш тарабындагы 20 англис тилчи мугалимди окутууда.
Пандемия башталганы кош бойлуулар үчүн Бишкекте атайын №2 төрөт үйү обсервацияга айланды. Вирус күч алган сайын кош бойлуулар, жаш төрөгөндөр арасында да жоготуулар катталып жатат. Кош бойлуу кезде коронавирустан коргонуу үчүн эмне кылыш керек? Мамлекет боюнда бар аялдарга кандай кам көрүүдө?
Медиктер азыркы алып жаткан айлыгы да азайып, сөз болгон кошумча төлөмдөрдү ала элек экенин айтышууда.
Кыргызстанда вирус басаңдап калды. Бишкекте, Ошто июль айынын башында чукул ачылган күндүзгү стационарлар четинен жабылууда. Мындан ары санитардык нормалар кандай болушу керек?
Кыргызстанда инфекциялык оору менен күрөшүүдө эл стресске көп учурап жатканы айтылууда. Айрыкча оору курчуп турган кезде дүрбөлөңгө түшкөн адамдар дээрлик психологиялык жардам ала алышкан жок.
Дагы жүктөңүз