"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Арменияда саясий кризис тереңдеди. Пашинян Конституцияны өзгөртүп, жарым жартылай президенттик башкарууга кайтууну сунуш кылды. Кошуна Грузияда оппозиция лидерин коргоп чыккан премьер Гахария кызматынан кетти.
Адистер калктын 70% эмделсе, пандемияны ооздуктаса болорун айтышат. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөгө даярдык кандай жүрүп жатат? Жөнөкөй адамдар эмделүүгө канчалык дилгир, кыска мөөнөттө иштелип чыккан препараттарга элдин ишеними кандай?
Кошмо Штаттардын Сенаты мурдагы президент Дональд Трампка экинчи импичмент жарыялоо маселесин кароого киришкени жатат. Экс-мамлекет башчы акталышы мүмкүн, бирок Өкүлдөр палатасы тарабынан эки жолу импичмент жараянына туш болгон президент катары тарыхка кирип калды.
Дүйнөлүк басылмалар Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу жазган макалаларга баяндама.
Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменейи эгерде АКШ Тегерандын Батыштын ири мамлекеттери менен өзөктүк келишимге кайтуусун кааласа, анда адегенде санкцияларды алып салууга тийиш деп билдирди.
АКШда жайгашкан "Freedom House" эл аралык бейөкмөт уюму 4-февралда жарык көргөн баяндамада ондогон өкмөттөр чет өлкөлөргө кеткен жарандарын куугунтуктап, зомбулук көргөзүп келгенин белгилейт.
Михаил Саакашвили бажыдагы коррупция, саясат менен криминалдын жуурулушуп кетишине каршы кандай майнаптуу күрөш жүргүзсө болору тууралуу кеп-кеңешин айтты.
Орусияда оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына жана коррупцияга каршы акцияларга суука карабай мурда болуп көрбөгөн санда киши катышты. Элдин мындай жапырт нааразылыгы эмнеден кабар берет?
Казакстандык саясатчы, 2019-жылы өткөн шайлоодо президенттикке талапкер болгон Амиржан Косанов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун алдында чоң жоопкерчилик турганын айтып, геосаясатта кылымдардан бери калыптанган байланыштар сактала берет деген пикири менен бөлүштү.
АКШ кедей өлкөлөрдүн коронавирустун вакцинасы менен камсыз кылууну көздөгөн COVAX долбооруна кошулат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) президент Жо Байдендин башкы медициналык кеңешчиси Энтони Фаучи кабардар кылды.
Демократ Жо Байден 20-январда Кошмо Штаттардын 46-президенти катары ант бермекчи. Конгресстин кош палатасы 7-январга караган түнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Отурум президент Доналд Трамптын жаалданган тарапташтары Капитолийге кирип барганда убактылуу үзгүлтүккө учураган.
Америкалык бир катар маалымат каражаттары кабарлашкандай, демократ Рафаэль Уорнок Жоржия штатынан Сенатка орундардын бирин утту. Жеңиши расмий бышыкталса, баптист чиркөөсүнүн пастору штаттын тарыхындагы биринчи ынды кара сенатор болуп калмакчы.
Соңку 12 айда мурда жолукпаган коронавирус биздин жашообузду олуттуу өзгөрттү.
АКШда коронавирустун вакцинасы жер-жерлерге жеткириле баштады.
"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму Шинжаңдагы лагерлерде кармалган эки миңден ашуун уйгурдун тизмесине сереп салганын билдирди. Укук коргоо уюму Кытай бийлиги ШУАРда мусулмандар тууралуу маалымат чогултуу үчүн атайын программа колдонгон деп боолголойт.
Александр Лукашенко Эл аралык Олимпиада комитетин “банда” деп атады. Анын алдында Беларустун Улуттук Олимпиада комитетин да жетектеген Лукашенкого Эл аралык комитет өткөргөн иш-чараларга, анын ичинде Олимп оюндарына катышууга убактылуу тыюу салынган.
Дагы жүктөңүз