"Жер сүздүрүп, келеке кылган". Аскер бөлүктөгү кыйноого байланыштуу иш козголду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу аскер бөлүктөгү жоокерлерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин интернетке аскерлерди келекелеп кыйнап жаткан тасма тарап кеткен. Бул окуядан соң коомчулукта аскердеги ыдык көрсөтүүгө байланыштуу талкуу кызып, президент өзгөчө кырдаалдар министрине сөгүш берди.

Соңку окуя аскер бөлүктөрүндөгү чоңсунуу, уруп-сабоо көйгөйүн күн тартибине чыгарды.

Соңку күндөрү талкууга түшкөн тасма Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Москва районундагы №86123 аскер бөлүгүндө тартылганы белгилүү болду.

Анда өзүн камерага көрсөтпөгөн жоокер башка аскерлерди башы менен жер сайдырып, келекелеп кыйнап жатканын көрүүгө болот.

Коомчулукка тараган тасма аскердеги чоңсунууга байланыштуу талкууга жем таштады. Мындан кийин президент Садыр Жапаров өз милдеттерин так аткарган жок деген негизде 12-майда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге сөгүш берди.

Мындан бир күн мурда Аскер прокуратурасы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

“Бул кылмыш ишин тергөө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына тапшырылды. Тергөө жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет. Окуянын бардык жагдайларын толук жана ыкчам иликтөө максатында зомбулукка кабылган аскер кызматкерлери Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына жеткирилди. Учурда алардын катышуусунда тергөө аракеттери жүрүп жатат”, - деп жазылган маалыматта.

Дагы караңыз "Салмагы 90 кг эле, чыбыктай болуп калыптыр". Армияда азап тарткан аскерлер

Тергөөнүн жүрүшү менен тиешелүү адамдарга укуктук баа берилери айтылган.

Ал арада Коргоо министрлиги бул окуя Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө катталганын белгилеп, маалымат таратууда буга көңүл бурууга чакырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо окуя февраль айында болгонун жана мындай көрүнүш башка маселе боюнча ички териштирүү учурунда ачыкка чыкканын билдирүүдө.

Тасмада аскер кызматкерлерине күч колдонгон киши взводдун командири Жолдугул уулу экени аныкталып, ага чара көрүлгөнү маалым болду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов буларды айтты:

“Териштирүү жыйынтыгына таянып, чечим кабыл алдык. Ага ылайык, командирин баш кылып сөгүш бердим. Андан тышкары прапорщик менен ага лейтенантка кызматына шайкеш келбегени үчүн эскертүү бердим. Прапорщикти кызматынан төмөндөттүк. Аскер бөлүктүн жеке курам менен иштөө боюнча командирдин орун басарын да ушундай кылдык. Мунун баары кылмыш иши козголгонго чейин эле, 21-апрелде кабыл алынган чечим”.

Шамырканов соңку үч жылдан бери аскерде кызмат өтөп жаткандарга кошумча кесиптик билим жана чет тилдери окутулуп жатканын, бул аларга убактысын туура пайдалануусуна колдоо көрсөтүү үчүн жасалган аракет экенин кошумчалады.

Дагы караңыз "Автомат менен урган". Армияга барган медик жигит инсульт алды

Кыргызстанда аскер бөлүктөрүндөгү уруп-сабоолор, чоңсунуу жана аягы өлүм менен аяктаган окуялар утур-утур катталууда.

Айрыкча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүндө үч жыл мурда уруп-сабоо боюнча фактылар катталган. Чүйдүн Беловодское айылындагы бөлүктө бир аскер кызматкери катуу сабалып, анын айынан алты кызматкер жумуштан айдалган.

Мындан тышкары куралды этиятсыз колдонуудан улам аскер кызматкери жабыркаган учурлар да бар. Маселен, быйыл 5-февралда Баткен облусунда Коргоо министрлигине караштуу “Илбирс” атайын аскердик бөлүгүндө эки аскер ортосунда пикир келишпестик чыгып, бири куралынан ок чыгарып, экинчиси жараат алып ооруканага түшкөн. Мындай окуялардын утур-утур катталып жатышын көзөмөлгө жана башкаруу системасындагы көйгөйлөргө байланыштыргандар бар.

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы, коомдук ишмер Токон Мамытов буларга токтолду:

“Бизге аскер психологдору жетишсиз. Мындан тышкары ата-энелер комитетин түзүп, көзөмөл кылууга укук бериш керек. Алар каалаган убакта аскердик бөлүктөргө барып көзөмөл кылгандай болсун. Анткени ал жерде курал-жарак бар. Кокус бир күнү аскер куралды алып, бир канча кишиге зыян келтирип коюшу мүмкүн. Бул жагына да көнүл буруу зарыл. Албетте, көзөмөл туруктуу жүрүп турууга тийиш".

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер өз жанын кыйган. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид деп бааланган. Андан берки жылдардагы окуялар боюнча жалпы статистикалык маалыматтар чыккан эмес.