Жеңиш–80: Кыргызстандык каармандар тууралуу баалуу табылга

Маркум Нарынбек Алымкуловдун (15.04.1958 – 11.01.2022) “Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин толук кавалерлери – кыргызстандыктар: Жаңы фактылар, ысымдар” китебинин (2025) мукабасы.

Германдык фашизмдин үстүнөн болгон Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту маркум тарыхчы Нарынбек Алымкуловдун мурасы болгон оригиналдуу монографияны жарыкка чыгарды.

Кыргыздын таланттуу тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти, маркум Нарынбек Ашыралиевич Алымкуловдун (15.04.1958 – 11.01.2022) бараандуу эмгеги “Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин толук кавалерлери – кыргызстандыктар: Жаңы фактылар, ысымдар” («Герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы – кыргызстанцы: Новые факты, имена») деп аталат.

Улуттук илимдер академиясынын “Илим” басмасында жарык көргөн бул китепте Экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–1945) тарыхын жана Улуу Ата Мекендик согуштагы (1941–1945) кыргызстандык катышуучулардын ролун изилдөөдөгү жаңы архивдик жана башка табылгалар камтылган.

Баалуу табылгалар

Мындан ары Экинчи дүйнөлүк согушка кыргызстандыктардын катышуусунун көйгөйлөрү чагылдырылган жаңы окуу китептеринде, окуу куралдарында жана тийешелүү илимий жана жамаагаттык адабиятта тарыхчы Н.А.Алымкулов тарабынан илимий чөйрөгө жаңыдан киргизилген архивдик ж.б. материалдардын негизинде, маселен, төмөнкүдөй жаңы факттар орун алмакчы: эми кыргызстандыктардын арасында “Советтер Союзунун Баатыры” наамынын 82 ээси жана «Даңк» орденинин толук кавалери болгон 32 жоокер болгондугу көрсөтүлүүгө тийиш.

Тарыхчы Н.А.Алымкулов үчүн эки өңүт критерий катары кызмат кылган: 1) тийешелүү каарман жоокер кан майданга Кыргызстандын аймагынан чакырылган; 2) тийешелүү каарман жоокер Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Кыргызстанда байырлап калган жана бул жумуриятта каза болгон.

Буга чейин “Советтер Союзунун Баатыры” наамына ээ болгон 75 жоокердин ысымы дайын эле. Нарынбек Алымкулов тактап, кошкон 7 каарман жоокерлер төмөнкүлөр:

1. Алексеев Максим Николаевич (1911–1986), 1986-жылы 25-октябрда каза болгон, сөөгү Бишкек шаарында коюлган.

2. Андреев Николай Тимофеевич (1905–1974), 1974-жылы 27-сентябрда каза болгон, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

3. Дернов Петр Сергеевич (1925–1945), 1941-жылы август айында Кыргыз ССРинин Фрунзе облусунун Каганович (азыркы Чүйдөгү Сокулук) районуна эвакуацияланган. Мында ишканада токарь болуп иштеп жүрүп, кан майданга кеткен.

4. Сидоров Петр Петрович (1926–1972), 1972-жылы 29-апрелде каза болгон, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

5. Спицин Иван Яковлевич (1914–1979), 1979-жылы 12-июнда каза болгон. Сөөгү Бишкек шаарындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө коюлган.

6. Чернов Иван Григорьевич (1924–1962), 1962-жылы каза болгон, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

7. Шатов Михаил Григорьевич (1919–1967), 1967-жылы сентябрда каза болгон, сөөгү Бишкек шаарындагы Түндүк көрүстөнүнө коюлган.

Булак: Алымкулов, Нарынбек Ашыралиевич. Герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы – кыргызстанцы: Новые факты, имена / Научный редактор академик А.Асанканов; составитель С.К.Алымкулова; редактор С.М.Скрипкина; Послесловие – Т.Чоротегин. – Бишкек: Илим, 2025. – 450 с., илл. – ISBN 978-9967-9633-1-3. (Мындагы №2 тиркемени караңыз).

Маркум Нарынбек Алымкуловдун (15.04.1958 – 11.01.2022) “Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин толук кавалерлери – кыргызстандыктар: Жаңы фактылар, ысымдар” китебинин (2025) мукабасы.

Тарыхчы Н.Алымкулов “28 панфиловчу” деген жалган маалыматты бул китепте да четке кагат жана иш жүзүндө Маскөөнүн алдындагы Дубосеково темир жол тилкесинин аймагында ротадагы 130дай каарман панфиловчу Маскөөгө кирип келүүгө далаалат жасаган германдык танктарга каршы бир нече апта бою айыгыша салгылашкандыгы жөнүндө жаңы маалыматты келтирген.

Ал бүтүндөй 4-ротанын жана негизинен казакстандык жана кыргызстандык жоокерлерден куралган жалпы 316-аткычтар дивизиясынын чыныгы эрдигин орусиялык журналист ойлоп тапкан жасалма взводго (28 жоокерге) чегерип коюу – чыныгы каармандардын арбагына карата шек келтирүүгө тете экендиги тууралуу орусиялык аскер адистеринин жана тарыхчыларынын пикирлерин да китебинде камтый кеткен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алымкулов: 28 баатыр - идеологиялык миф болгон

Н.Алымкулов өз китебинде учкуч Исмаилбек Таранчиев (06.4.1923, Беш-Күңгөй айылы, Кыргызстан – 18.3.1944, Нарвага жакын жер, Эстония) “Советтер Союзунун Бааатыры” наамына өлгөндөн 47 жылдан кийин, 1991-жылы, б.а. СССРдин акыркы жылында гана, татыгандыгын жана бул намга ээ болгон 13-кыргыз болуп калгандыгын эскерет.

(Айтмакчы, кыргыз тарыхчысы Назарбек Түнтеев учкуч И.Таранчиевдин эрдигин тастыктоодо 1989–91-жылдары зор салым кошконун кошумчалай кетсек болот).

Китепти жарыялагандардын тилеги

Китептин илимий редактору, академик Абылабек Асанканов маркум тарыхчы Н.Алымкуловдун мурасын Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракесине карата тез арада жарыялоо жаатында иштиктүү турумун айгинелеген Улуттук илимдер академиясынын президенти, профессор Канатбек Эрмекович Абдрахматовго өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Китептин сомоло текстин басмага даярдаган маркумдун жесири Сынару Кадыр кызы Алымкуловага, орусча текстти адабий жаатта редакциялап, ийисине жеткирген Светлана Михайловна Скрипкинага да алкыш айтуу абзел.

Эми алдыбызда маркум Нарынбектин ишин андан ары улантуу үчүн жаш тарыхчы, архив таануучу жана согуш таануучу илимий кадрларды даярдоо милдети турат.

29-апрелде Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту уюштурган жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы окуяларга жана тагдырларга арналган илимий жыйында жакынкы болочокто Н.А.Алымкуловдун мурасынын бөлүгү болгон бул жаңы китепти мамлекеттик тилге жана башка тилдерге которуу зарылдыгы жөнүндө да маселе козголду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алымкулов: Согуштун ачыла эле сырлары көп

Соңку сөз

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралар азыркы путиндик согушчан саясатты колдогондордун сүрдүү аскердик парады менен эмес, Экинчи дүйнөлүк согуштун кандуу жылдарында курман болгон миллиондогон кишилердин арбагына багышталып, бардык катышуучу өлкөлөрдө эскерүү жөрөлгөлөрүн өткөрүү менен коштолууга тийиш.

Бул эскерүү (реквием) жөрөлгөлөрү бүткүл адамзатты тынчтыкка, сабырдуулукка жана боорукердикке чакырышы керек.

Албетте, бүткүл адамзаттын келечектеги тарыхында эч кайталанылбашы керек болгон бул алааматтуу дүйнөлүк согуштун тарыхынын көйгөйлөрүн калыс изилдеген Нарынбек Алымкулов сыяктуу тарыхчылардын салымдарын да эстен чыгарбообуз абзел.

Ооруктун эмгекчилери көтөргөн жүк

Светтер