Сейитбек: Көкбөрүдөн эки жаракат алдым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынагына көрсөтүлгөн талапкерлер менен тааныштырууну улантат. Белгилүү улакчы Сейитбек Анарбек уулу былтыр бутунан оор жараат алгандан кийин машыктыруучулукка өттү.

Сейитбек көк бөрү сүйүүчүлөрүнүн арасында тажрыйбалуу жана керектүү учурда оюндун ыргагын түп тамыры менен өзгөртө алган жөндөмү менен таанылган. Эрендердин эр оюну, ошол эле учурда кооптуу саналган көк бөрүнүн азыркы каарманы Сейитбек Анарбек уулу тууралуу айтып беребиз.