5-октябрда – Ош шаарынын күнү белгиленип, тургундар калаанын 3021 жылдыгын майрамдашты. "Азаттык" Дастан Үмөтбай уулу менен Азамат Алымкулов тарткан сүрөттөр топтомун сунуш кылат.
Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленди
Болжол менен 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.
Шаар күнүнө карата калаадагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин майрамдык жүрүшү жана гала-концерт болду.
Майрамдык жүрүшкө чыккан спортчу кыздар.
Майрамдын элесин фототасмага түшүрүү - журналисттерге, документалисттерге жана тарых үчүн мыкты табылга болот.
Журналист майрамдан репортаж даярдап жаткан кези.
Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет.
Майрамдык жүрүшкө түрдүү мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышты.
Оштун "Алай" футбол клубунун оюнчулары.
Театрлаштырылган оюн-зоок учурунан тартылган сүрөт.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов (көз айнекчен).