Кыргыз коомунда карылардын бүгүнкү баркы, нарк-насили канчалык?
"Арай көз чарай" талкуусуна экономист, социолог, философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев жана “Даанышман кеңеши” коомдук уюмунун төрагасы Бердибек Жумабаев катышты.
"Азаттык": Кусеин агай, “Карынын кебин капка сал” деген жакшы макал бар, бирок азыркы учурда аксакалдарыбыздын коомдо орду жоголуп бараткандай сезилет. Аксакалдарга азыр кандай маани берилип жатат?
Кусеин Исаев: -Тилекке каршы, кылымдардан бери келаткан кыргыз салтына, аксакалдарга болгон сый мамиле солгундады. Буга экономикалык да, саясий да себептер бар. Анткени азыр үй-бүлө институту абдан начарлап кетти.
Биздин бала кездегидей бекем үй-бүлө азыр жок. Азыркы үй-бүлө адептик жагынан да, акыйкаттык, социалдык жагынан да өтө алсыз. Натыйжада чоң ата, чоң эненин сөзүн небере-чөбөрө тоготпой баратат.
Экинчиден, аксакалдарыбызды ар кандай саясий миссияга, саясий оюндарга пайдаланып, аларга акча бере коюп, кадырын ого бетер түшүрүштү.
Карылардын ордун кайрадан калыбына келтиребиз десек үй-бүлөдөн башташ керек. Мына, биз бала кезде деле карылар үйү болоор эле, бирок анда кыргыздар жок болчу. Азыр караңыз, карылар үйүндө эки кишинин бири кыргыз.
Бул эми бир гана үй-бүлөнүн функциясында эмес, карылардын өздөрүнүн да жүрүш-турушунан болуп жатат. Көчөдө арак ичип жатып калган, улгайганын билбей жаштарга теңелип, кыздарга тийишкендер бар. Акыркы жылдары “Дүжүр чалдар” деген түшүнүк да пайда болду.
Бердибек Жумабаев: - Аксакалдарыбызды ар кандай саясатта колдонулуп жатканын жаштар көрүп, жыйынтык чыгарып жатышат. Биз мунун баарын көрүп туруп “Даанышман кеңеши” коомдук уюмун түздүк. Таза аксакалдарыбызды чогулттук, эки айда бир ирет чогулуп турабыз.