Ош шаарындагы бир шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштарды эсептөөдө. 30-октябрь, 2011-жыл
БШКнын электрондук тактасы талапкер Алмазбек Атамбаев атаандаштарынан алдыда баратканын көрсөтүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясына 2315 добушканадан түшкөн алдын-ала маалыматтарга караганда, талапкер Алмазбек Атамбаев 63,19% добуш (1 млн. ашык добуш) менен алдыда. Андан кийинки орунда Адахан Мадумаров 14,76% добуш (269 миңден ашуун добуш), үчүнчүорунда Камчыбек Ташиев 14,33% добуш (261 миңге чукул добуш) менен келатат.
БШКнын электрондук эсептөө сайты калган 13 талапкер азырынча бир пайызга жетпеген добуш алганы көрсөтүүдө. Бул 31-октябрь, саат кечки 5ке карай маалымат.
2315 шайлоо участогу жалпы 2318 добушкананын 99,87 пайызын түзөт.
Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы бүгүн айтылаары күтүлүүдө, ал эми толук жыйынтык мыйзам боюнча 20 күндүн ичинде чыгышы керек.
30-октябрдагы добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан ашыгы, тизмедеги 3 миллион 30 миңден ашуун шайлоочунун 60 пайыздан ашууну катышканы айтылууда. Кыргызстандыктар бул күнү өлкөнүн төртүнчү президенти үчүн добуш беришти.