Бүгүн Ош шаары туулган күнүн белгилеп жатат. Шаар күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн калаага шаар деген расмий макам 1876-жылы берилген.
Ошто шаар күнү белгиленди
Майрамга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышары айтылган.
Шаар күнүнө арналган салтанатка быйыл жергиликтүү артисттерден тышкары коңшу Өзбекстандан жана түрк тилдүү башка мамлекеттерден өнөр адамдары келишет.