Фестивал көчмөндөрдүн кербенинин шаар аралап келиши менен башталды.
Оштогу этнофестивал
Көчмөн аялдары
Фестивалга шаардагы ар кайсы улут өкүлдөрү катышууда.
Шаар тургундары иш-чара тууралуу алдын ала жакшыраак жарнамаласа жергиликтүү элге да кызык болмок дешүүдө.
Фестивал ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен уюштурулган.
Бул иш-чара Ошко келе турган туристтердин санын көбөйтүүнү көздөйт. 2010-жылдагы Июнь коогалаңынан кийин шаарга туристтердин азайганы айтылууда.
Көчмөндөр фестивалынын алкагында тамак-аш, кийим-кече, жана кол өнөрчүлөрдүн да жармаңкеси уюштурулган.
Шаар бийлиги көчмөндөр жүрүшүн уюштуруу менен Ош шаары тууралуу дүйнөлүк коомчулукка жакшы пикир жаратууну көздөп жатышат.