“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында оппозициянын талаптары, ага карата бийликтин мамилеси тууралуу сөз болду.
Бийлик менен оппозиция тил табыша алабы? Өкмөттү кетирүүгө жүйө жетиштүүбү? – деген суроолорго жооп изделди.
Талкууга Өкмөттүн аппаратынын маалымат саясатынын бөлүм башчысы Султан Каназаров жана парламенттеги оппозициячыл “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин кеңешчиси Нурлан Шакиев катышты.