Бул жолку чыгарылышта июнь коогасында жабыркагандарга турак-жай кандай берилип жатканы жана жаңы курулуштардын сапаты талкууга алынды.
Көрсөтүү Ош шаарында, Сулайман тоосунун боорунда тартылды. Ага “Интербилим” ресурстук борборунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева, Ош шаардык кеңешинин спикери, мурдагы вице-мэр Таалай Сабиров, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын алдындагы бакшармалыктын башчысы Курбаналы Азимов катышты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош: үйсүз калгандардын үмүтү (2)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош: үйсүз калгандардын үмүтү (3)
"Азаттыктан": Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Программанын алкагында курулган турак жайларды өлкө жарандары арасында бөлүштүрүү боюнча Мамлекеттик комиссия түзүлдү.
Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кол койду.
- Бөдөш Мамырова (вице-спикер, "Ар-намыс" фракциясынан депутат, комиссия төрайымынын орун басары);
- Жусупжан Жээнбеков (Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын жетекчиси, комиссиянын төрайымынын орун басары).