Элечек кийген "Жоконда"
“POSTTOTAL18” өзгөчө көргөзмөлөрдүн бири. Мында заманбап көркөм искусствонун картиналарын, графикалык, инсталляциялык жана архитектуралык объекттерди анын менен катар эле сүрөт жана видео тасмаларды көрүүгө болот.
Көргөзмөгө буту менен сүрөт тарткан Төлөн Жумагуловдун да эмгектери коюлган.
Көргөзмөдө Совет доорунун 60-80-жылдардагы өзгөрүүлөрү чагылдыралган.
"Бул сүрөттүн максаты, Гитлердин чындап өлгөндүгүнө көрүүчүнү ынандыруу", - дейт картинанын автору Жылкычы Жакыпов.
Жылкычы Жакыповдун "Жымжырттык үнү" картинасы.
Көргөзмөдө Сагын Айылчиев, Жылкычы Жакыпов, Шаарбек Аманкулов, Бакыт Мусаев, Шавкат Таиров, Юристанбек Шыгаев, Залкар Эсенканов, Бакыт Мусаев, Нарын Турпанов жана Константин Шкурпеланын эмгектери коюлган.
Совет доорун чагылдырган инсталляциялык объект.
Көргөзмө бир ай бою көрүүчүлөрдү кабыл алат.