"Кыргызстанда парламенттик демократиянын келечеги бар, бир аз чыдайлы” – деди “Азаттыкка” маегинде өлкө президенти Алмазбек Атамбаев.
Мындан тышкары коңшулар менен алака-катыш, Азиз Батукаевдин иши, Кумтөр, оппозиция жана жаңы элита тууралуу сөз кылды.
Жакынкы айларда жаңы элита түзүү боюнча кадам таштарын жарыялады.
Мамлекет башчысы ошондой эле “Азаттыктын” жеке саламаттыгы, бай-мүлкү тууралуу суроосуна жооп берип, 2007-жылы ууландырылганын, бирок шайма-шай иштегенге кубаттуу экенин, Түркияда эч кандай байлыгы жок экенин белгиледи.
Көпчүлүктү кызыктырган жакын шакирти Икрамжан Илмиянов боюнча оюн айткан Атамбаев анын үстүнөн түшкөн арыздарды текшерип, бирок далил таппаганын айтты.