Президент Садыр Жапаров 2-мартта, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен барды.
Жапаров Казакстанга барды
Президент Садыр Жапаров 2-мартта, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен барды.
Президент Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
Бул - быйыл 10-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун биринчи мамлекеттик сапары.
Садыр Жапаровдун Казакстандын мурдагы пезиденти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу да белгиленген.
Жапаровдун Казакстандын премьер-министр Аскар Мамин, мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу дагы мерчемделген.