Грузия: 100 күнгө созулган нааразылык (сүрөт баян)
Парламент имаратынын алдында Грузиянын жана Евробиримдиктин желектерин кармап турган демонстранттар. 29-ноябрь
Полициянын көздөн жаш агызуучу газынан жабыркаган демонстрант "Тез жардам" унаасынын ичинде.
Тбилисинин борборундагы Руставели көчөсү. Полиция кармап бараткан демонстранттар. Полициянын зордук-зомбулугу Евробиримдикке грузин дипломаттары менен өкмөт өкүлдөрүнө визалык чектөө киргизүүгө негиз болгон. 30-ноябрь, 2024-жыл
1-декабрь, 2024-жыл. Газга каршы жабдык кийген киши
Полиция кызматкерлери демонстранттарды кууп-таратуу учурунда. 2-декабрь. Айрым полициячылардын союлу калып калган.
4-декабрь, 2024-жыл. Союл жана калкан кармаган демонстранттар Руставели проспектисинде турушат.
9-декабрь, 2024-жыл. Акциянын катышуучулары миллиардер, экс-премьер-министр, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилинин сүрөтүн өрттөп жатат.
Руставели проспектисинде Рождество майрамына карата жагылган жарыктардын алдында сүрөткө түшүп жаткан демонстранттар. 21-декабрь, 2024-жыл
13-январь, 2024-жыл. Руставели проспектисинде нааразылык акциясына чыккандар Go стратегиялык оюнун ойноп отурушат.
15-февраль, 2025-жыл. Тбилисинин борбордук көчөсүндө жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылгандар
Демонстранттар 21-февралда Тбилисиде абакта отурган 50дөн ашуун демонстрантты бошотуу талабы менен жүрүшкө чыкты.
Грузиянын экс-президенти, өкмөткө каршы демонстрацияларды колдогон Саломе Зурабишвили 25-декабрдагы акциянын катышуучулары менен учурашып жатат.
Демонстранттар 18-февралда Руставели проспектисинде грузин полициясынын атайын бөлүгүнүн башчысы Звиад Харазишвилинин сүрөтү түшүрүлгөн тактайды өрттөштү.