Кыргызстандын футбол боюнча 2021-жылдагы кубогуна Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу ээ болду.
Баткендеги футбол майрамы
Футболдун эң кичүү күйөрмандары.
Мелдеш 18-сентябрда Баткен шаарындагы борбордук стадионунда өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча Кубогунун финалында кочкораталык "Нефтчи" командасы Бишкектин “Алга” клубу менен беттешти.
Оюндун негизги убакыты 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, пенальти тебүүдө “Нефтчи” клубу алдыга чыкты (4:2).
"Нефтчи" клубу Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Быйыл кубок үчүн премьер-лигада, улуттук лигада жана экинчи лигада ойногон 16 команда ат салышты.