Bloomberg: Стамбулда Орусия Украинадан аймактарынан баш тартышын талап кылды

Стамбулда Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы бетме-бет сүйлөшүүсү өттү.

Bloomberg басылмасы Стамбулдагы сүйлөшүүдө Орусиянын Украинага койгон шарт-талаптары тууралуу өз булагына таянып жазды. Ага ылайык:

Украина бейтарап макамын сакташы керек жана аймагында эч кандай чет өлкөлүк аскерлер же кыргын салчу курал-жарактар болбошу шарт;

Киев Москвадан материалдык чыгым (репарация) талап кылбайт;

Анексияланган Крым жарым аралы жана Орусия жарым-жартылай оккупациялап алган Украинанын төрт облусу эл аралык деңгээлде Орусияныкы деп таанылышы керек.

Аталган агенттик бул талаптар АКШ сунуштаган тынчтык планынын шарттарына каршы келерин, Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын реакциясы кандай болору азырынча белгисиз экенин белгиледи.

Киев бул талаптар тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Стамбулда жума күнү Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы бетме-бет сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы өттү. Эки саатка жакын болгон жолугушууда тараптар миңден туткун алмашууну макулдашкан.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз болгонун жана сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы жөнүндө жакынкы күндөрү жарыяланарын айткан.

Дагы караңыз

Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри прокуратурадан ИИМге өттүАк-Буурага түшүп кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылды Чукул кабар: аба ырайы кескин өзгөрөт, күн сууктап, катуу жамгыр, шамал болотӨКМ жоокерлерди мазактаган аскер кызматкери камакта экенин билдирдиСадыр Жапаров үч чокуну бириктирген курорт "Ала-Тоо резорт" деп аталарын билдирди Кыргызстан менен Тажикстандын министрлери автобус каттамын жандантууну сүйлөштү