Ак-Буурага түшүп кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылды

Ак-Буура суусу, арживдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Оштун Төлөйкөн айылында Ак-Буура суусуна түшүп кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылганын билдирди. Кырсык тууралуу куткаруучуларга 15-майда маалымат түшкөн. Издөө иштери 16-майда уланып, ага жалпы 250дөн ашык адам тартылган.

Аталган министрлик буга байланыштуу Папан суу сактагычы убактылуу буулганын кабарлаган.

Буга чейин ӨКМ жана синоптиктер жаан-чачындуу аба ырайыга байланыштуу дарыялар кирип, сел, суу ташкын коркунучу бар экенин эскертип келген.

Дагы караңыз

Украинадагы согушта мерт болгон 108 миңден ашык орусиялыктын тек-жайы такталдыКыргызстан менен Тажикстандын министрлери автобус каттамын жандантууну сүйлөштү Садыр Жапаров үч чокуну бириктирген курорт "Ала-Тоо резорт" деп аталарын билдирди Өкмөт Кызыл-Омполдо кен казууга даярдык жүрүп жатканын билдирди Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы кызматынан кетерин жарыяладыЧүйдө чегиртке каптаган айдоо аянттарын дарылоо башталды