Зеленский Анкарада жүрөт, Путин Стамбулга барган жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Анкарада түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен жолукту. Зеленский бул кездешүүдөн кийин Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катыша турган расмий өкүлдөрүн аныктарын айткан. Анын алдында орус президенти Владимир Путин Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө өзү барбай турганын билдирген жана технократтардан куралган делегацияны жөнөткөн.