Хирург жигиттин табышмактуу өлүмү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте жеке клиникалардын биринде сакал эктирүүнү үчүн операция кылдырып жаткан маалда 30 жаштагы хирург Элдос Турсунбеков күтүүсүз каза болгон. Маркумдун жакындары анын дени карды соо болгонун айтып, Турсунбековдун өлүмү жашыруун тергелип жатканына нааразы болууда. Алар дарыгер күмөндүү жагдайда көз жумганын айтып, укук коргоо органдарынан дыкат териштирип берүүнү талап кылышат.