Борбор Азия: Акча которуу көбөйдү, мигранттар азайды

Орусия, Новосибирск. Борбор Азиядан барган мигранттар

Эл аралык эмгек уюму Борбор Азиядагы миграциялык абал боюнча отчетун жарыялады. Документте эл аралык миграция тармагындагы маанилүү маселелер, акча которуулар, миграциялык чектөөлөр, мыйзамсыз миграция камтылган.

Эл аралык эмгек уюмунун бул отчету 2024-жылдагы маалыматтардын негизинде түзүлгөн.

Кыргызстан: которуулар өстү

Эл аралык эмгек уюмунун отчетунда Кыргызстан боюнча өткөн жылдын акыркы кварталы тууралуу маалыматтар жок. Улуттук банктын маалыматына караганда, 2024-жылдын жыйынтыгында сырттан Кыргызстанга жеке жактар которгон акча 2,9 млрд долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу которуунун көлөмү жогору болду. 2023-жылы өлкөгө 2,7 млрд доллар которулган. Эң көп акча которуулар былтыркы жылдын август, сентябрь айына туура келди.

Негизинен акча которуулардын басымдуу бөлүгү Орусияга тиешелүү. Орусияда расмий түрдө 376 миң кыргызстандык миграциялык каттоодо турат.

Мындан тышкары отчетто айтылгандай, башка мамлекеттерден которуулардын көлөмү да жогорулаган.

Дагы караңыз "Армия же депортация". Орусияда мигранттар кантип тузакка түшүүдө?

Тажикстан: рекорддук которуулар

2024-жылы Тажикстанга сырттан акча которуулар дүйнөдөгү эң көп көрсөткүчтөрдүн бири болду. Өлкөгө былтыр 5,8 млрд АКШ доллары которулган, бул Тажикстандын ички дүң продукциясынын 45% барабар. Ошондой эле андан мурдагы жылга салыштырмалуу 27% көп.

Тажикстандын Улуттук банкынын маалыматтары ачык эмес, мекеме акыркы жылдары акча которуулардын эсебин жарыялабай калган. Бирок мындай маалыматтарды Улуттук банк, эл аралык уюмдар, Орусиянын статистикалык маалыматтарынан табууга болот. Ага ылайык, акча которуулардын көлөмү боюнча Орусия дагы деле алдыда. Которуулар Казакстан, Түштүк Корея, АКШ баштаган мамлекеттерден да түшкөн.

Бирок Тажикстандан миграцияга агылгандардын саны азайган.

2024-жылдын тогуз айында 618 миңдей жаран сыртка иштөө үчүн кеткен. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине караганда 8% аз.

Тажик мигранттарынын 98% негизинен мурдагыдай эле Орусияга барышат. Казакстан 1% менен экинчи орунда турат.

2024-жылдын мартында Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан кийин орус бийлиги миграциялык эрежелерди катаалдаштырып, мигранттардын арыз-даттануулары көбөйдү.

Дагы караңыз Мигранттардын "кара тизмеден" чыгуу мөөнөтү узарды

Тажикстандын Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө эле былтыр 58 миңдей кайрылуу түшүп, 2023-жылга салыштырмалуу 3,5 эсеге көп болду.

Орусияга чыккандар да азайды, орус жергесинин 49 аймагындагы чектөөлөр миграция агымына таасирин тийгизди.

Ошол эле кезде эки тараптуу келишимдин негизинде Түштүк Кореяда иш тапкан тажиктер көбөйүп жатат.

2024-жылы ал жакта 6 339 киши иштеп келди, бул андан мурдагы жылга караганда 40% жогору.

Былтыр АКШдан 77 тажик жараны депортацияланды, ал эми Европа Биримдигинин өлкөлөрү 725 жаранды чыгарган. Мигранттар АКШга жетүү жолу катары колдонгон Мексика 324 тажик жараны чек арадан мыйзамсыз өтүү аракетин көргөнүн билдирген.

Ал эми Тажикстандын өзүндө 6,5 миң чет элдик мигрант каттоодон өткөн. Алар негизинен Кытай, Иран, Индия жана Ооганстандын жарандары.

Көбү биргелешкен өнөр жай долбоорлоруна тартылган, бул жагдай өлкөнүн өзүндө чет элдик жумушчу күчтөр көбөйүп жатканын көрсөтөт.

Дагы караңыз Орусияда 900дөн ашуун тажик жараны согушка айдалган

Казакстан: квота жана эмиграция

Казакстандагы миграциялык агымга токтолсок, 2024-жылдын акыркы кварталында өлкөгө 3,8 миллиондой мигрант кирген жана андан мурдагы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 20% аз. Мигранттардын көбү Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия жана Тажикстандан барган.

Өлкөдөн чыккандардын саны 3,9 миллионго кыскарган, бул 18%аз. Алардын 90% КМШ мамлекеттерине багыт алган. Негизинен Өзбекстан, Кыргызстан жана Орусияга.

2024-жылдын аягындагы маалыматка караганда, Казакстанда расмий уруксаттын негизинде 13 743 чет элдик иштеди. Көбү Кытайдан (58%) барган, Өзбекстан, Түркия, Индиянын жарандары да бар. Казакстандын Эмгек министрлиги бир жылда 22 миң чет элдик адис ишке тартылышы керек деп квота берген. Бирок былтыр декабрга карата ал квотанын 62% гана толгон. Негизинен бул мигранттар - квалификациясы жогору адистер.

2024-жылы башка мамлекеттерге туруктуу жашоо үчүн 13 миңге чукул киши кеткен. Басымдуу бөлүгү Орусия, Германия, Польшага чыгып кетти.

Сөз болгон мезгил аралыгында Казакстанга сырттан акча которуулар 258 млн долларды гана түздү, бул ИДПнын 0,1% барабар. Каражаттын көбү Орусиядан которулган, ошол эле маалда 2023-жылга салыштырмалуу ал жактан акча которуулар 44% төмөндөгөн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мончодо сабалган кыргыздар: Ким жооп берет?

Өзбекстан: которуулар көп

Отчеттогу маалыматтарга караганда, Өзбекстанда болсо былтыр үч кварталда чет жакка чыккан эмгек мигранттары азайган ( 2 миллиондон 1,35 миллионго чейин). Ошол эле кезде өлкөгө акча которуулар рекорд коюп, 14,8 млрд долларды же ИДПнын 13% түздү. 2024-жылдын акыркы кварталында Өзбекстанга сырттан жеке жактар 3 млрд доллардан ашуун акча которгон.

Орусиядан 11,5 млрд доллар которулган, андан кийин Казакстан, АКШ, Түштүк Корея жана Түркия турат.

Уюм Өзбекстандан сыртка которуулар 2,8 млрд долларды түзгөнүнө көңүл бурган.

Дагы караңыз "Демарш жасай албайбыз, жарандарды эшелонго салып таштап коёт". Мигранттар көргөн кордук, депутаттардын сыны

Чет жактарда өзбек мигранттары азайганы менен Өзбекстандын өзүндө миграциялык агым көбөйгөнү байкалды (1,1 млн кишиге жакын). Булардын арасында Борбор Азиядагы мамлекеттердин жарандары, тарыхый мекенине кайткан кайрылмандар да бар.