Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-9-майда орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен барат.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталиптин мындай билдирүүсү мамлекет башчынын расмий сайтында жарыяланды.
Андагы маалыматына караганда, Жапаров Москвада Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да өтмөкчү.
Жапаровдун сапарына байланыштуу Бишкекте Жеңиш күнүнө карата аскердик парад быйыл 8-майда өттү.
Москвадагы парадга катышуу үчүн Кытайдын лидери Си Цзинпин, Сербиянын президенти Александр Вучич жана Венесуэланын башчысы Николас Мадуро 7-майда Орусияга барды.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев иш-чарага барбай турганы 7-майда белгилүү болду.
Орус бийлиги Жеңиштин 80 жылдыгын Украинадагы миңдеген кишинин өмүрүн бейкүнөө кыйган согуш үч жылдан ашык убакыттан бери уланып, эл аралык коомчулуктун катуу сынына, санкциясына кабылган шартта өткөргөнү турат.