Дрон согушу: Орусия менен Украина бири-бирин айыптады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москва облусу эки күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. 6-майга караган түнү Москванын Кызыл аянтынын 11 чакырым жерде дрон жок кылынганы кабарланды. Кремль ушул тапта 9-май - Жеңиш күнүн майрамдоого кызуу даярдык көрүүдө. Шейшембиге караган түнү Украинага да чабуул болуп, Одессада бир адам набыт болду. Дрон соккуларынын айынан Харьковдогу чоң базардын бири өрттөнүп кетти.