Алай районунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип 6-майда саат 14:08де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө болгонун билдирди.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4, Кара-Киндик, Нура айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Ушул тапта жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

28-мартта Талас облусунда таңкы саат 4:42 жана күндүз 16:56да жер титиреп, 48 үй жабыркаган. Жердин силкинүүсү 5,3 жана 5,5 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстанда айгай жарыяланып, ӨКМнын борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда чукул жыйын өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ милиция кызматкерлеринин кармалышын “ички тазалануу” деп бааладыАйжигитов УКМКнын кызматкерлерине каршы прокуратурага арыз жазганын айттыУкраина менен Орусия бири-бирин дрон чабуулдары үчүн айыптады Бишкекте бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүү кармалдыКеминде адамды сүзүп кеткен шектүү “Манас” аэропортунан кармалды