Запорожье: Орус армиясынын соккусунан 30 киши жабыркады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Запорожьеде бейшембинин кечинде орус армиясынын бир нече соккусунан 30 чакты киши жабыркады. Жергиликтүү бийлик бутага шаардын жарандык инфраструктурасы алынганын билдирди. Аннексияланган Крымда жарылуулар менен ок атышуу болгонун жергиликтүү телеграм каналдар жазууда. Ал арада АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон согушту жөнгө салуу жараянына катышуу форматын өзгөртүп жатканын билдирди.