Атайын кызматтын маалыматында Айжигитов жубайын парламентке мыйзамсыз жумушка орноштурганы айтылат. Султанбай Айжигитов болсо аялы парламентте мыйзамдуу иштегенин, УКМК аны куугунтукка алып жатканын билдирүүдө.
УКМКнын кызматкерлери Султанбай Айжигитовдун үйүнө 29-апрелде барып, жубайы менен кошо суракка чакырган. Алар Айжигитов менен аялына “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген жана УКМКга алып кетүүгө аракет кылышкан.
“Чакыруу сизге жана аялыңыз Жолдошовага. Бизде кылмыш иши тергелип жатат. Кылмыш кодексининин 337-беренеси боюнча тергелүүдө. Тактап айтканда, Жолдошованы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы кызматына мыйзамсыз ороноштуруу фактысына байланыштуу”.
Жыйынтыгында Султанбай Айжигитов мандаты боюнча соттун чечими чыкканга чейин депутаттык кол тийбестиги бар экенин айтып, УКМКга суракка баруудан баш тартып жатканын көрүүгө болот.
30-апрелде атайын кызмат маалымат таратып, Айжигитов аялы Гүлзат Жолдошованы 2022-жылдын башында Жогорку Кеңешке мыйзамсыз ишке орноштурганын, эми Биринчи май райондук сотунда экөөнүн тең бөгөт чарасы аныктала турганын билдирген.
“Гүлзат Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлыктар, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө республикалык бюджеттен 3,2 миллион сомдон ашык каражат мыйзамсыз алган”.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 3-апрелде Жогорку Кеңештин аппаратына Султанбай Айжигитовдун жубайы Гүлзат Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары түшүп, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
“Тергөөдө Султанбай Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайы Гүлзат Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат мыйзам жубайлардын түздөн-түз баш ийишине же көзөмөлдө болушуна байланышкан мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу саларын кошумчалады. Мекеме Султанбай Айжигитовдун мыйзам чыгаруу органынын депутаты катары жогорку абалынан пайдаланып Гүлзат Жолдошова кызматтык милдеттерин аткарбай, жумушка келбей калган учурлары болгонун билдирди. Бирок айлык жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып турганы айтылат.
Султанбай Айжигитовдун айтымында, анын аялы Гүлзат Жолдошова депутат Динара Ашимованын жардамчысы болуп иштесе, Ашимованын баласы Айжигитовдун жардамчысы болгон.
Айжигитов кыргыз парламентинде жок эле дегенде 10го жакын депутаттын кыздары, балдары, туугандары башка депутаттардын жардамчысы, кеңешчиси болуп иштеп жүргөнүн билерин, мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин кошумчалады.
“Анан бирөөлөрдү издеп жүргөңдө “Ашимова менин баламды алыңыз, мен сиздин аялыңыздын жумушка алайын” деп сунуш кылды. Мен макул болгом. Кийин Ашимова фракция жетекчиси болуп кеткенден кийин жаңы келген депутат Айдаралиевге дайындап коюптур”, - деди ал.
Дагы караңыз Султанбай Айжигитов УКМК жубайына кылмыш ишин козгогонун айттыЖогорку Кеңештин 2022-жылдагы маалымкатында Динара Ашимованын жардамчысы Гүлзат Жолдошова экени, ал эми Султанбай Айжигитовдун жардамчысы Айбек Исмаилов деген жаран экенин көрүүгө болот.
Айбек Исмаилов Динара Ашимованын баласы. Ал “Ыйман Нуру” партиясынан шаардык кеңешке талапкер дагы болгон.
“Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Динара Ашимова өзүнүн баласы, Султанбай Айжигитовдун аялы боюнча комментарий берген жок.
Кылмыш ишине анын баласынын тиешеси бар же жоктугу да белгисиз болуп турат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 30-апрелдин кечинде Султанбай Айжигитов менен аялынын бөгөт чарасын карап, аларды 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Айжигитовдун адвокаты Тимур Иманкулов "Азаттыкка" кылмыш ишинин козголушун мыйзамсыз деп эсептерин билдирди.
"Анткени ал Боршайкомдун чечимине каршы сотко арыз менен кайрылган. Ага карабай Айжигитов катардагы жарандай камалды. 2005-жылы аялына 25 миң айлык төлөп берген деп ага айып тагылды. Анын күнөөсү аныкталса деле кылмыш мөөнөтү эскирди. Сот азыр үй камагына алуу тууралуу терөөчүнүн өтүнүчүн канаттандырган чечим чыгарды. Сөз мындан башка 2010-жылдагы жана 2022-жылдагы иштер боюнча да болуп жатат. Айжигитовдун саламаттыгы сот залында кескин начарлап, өңү кубарып кетти. Ал азыр ооруканага кетти", - деди Иманкулов.
67 жаштагы Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасагандан кийин алгач фракциядан чыгарылып, андан соң мандатынан ажыраган. Мурдагы депутат мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.
Дагы караңыз Депутаттарды кызматтык унаа менен камсыздоо чечими, коомдогу сын19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу келишимдер ратификациядан өтүп, добуш берүүгө катышкан 85 депутаттын ичинен жалгыз Айжигитов каршы добуш берген.