Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жубайы Гүлзат Жолдошовага кылмыш ишин козгогонун билдирди.
Анын сөзүнө караганда, аялы алгач парламенттеги “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын депутаты Динара Ашимовага жардамчы болуп жумушка кирген. Динара Ашимова фракциянын жетекчиси болгондон кийин, жаңы келген депутат Эрнис Айдаралиевге жардамчы болуп бекиген. Жубайы 2024-жылдын сентябрь айында жумуштан кеткинин айтып, козголгон кылмыш ишин саясий ишмердиги менен байланыштырды.
“Социалдык тармактарда мага “кийинки шайлоода да талапкерлигиңизди коюңуз” деп көп адам жаза баштады. Ушундан улам эптеп мыйзам бузуу менен болсо да кылмыш ишин ачып, шайлоого жолотпой коёлу деген максат болуп атат. Башка эч нерсе жок”, - деди ал.
Султанбай Айжигитов жок эле дегенде 10го жакын депутаттын кыздары, балдары, туугандары башка депутаттардын жардамчысы, кеңешчиси болуп иштеп жүргөнүн билерин, мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин кошумчалады. Анын сөзү боюнча, депутатка кимди жардамчы кылып ишке алууну биринчи фракция чечип, парламенттин аппарат жетекчисине жиберилет жана ал кол коёт.
29-апрелде УКМКнын кызматкери Султанбай Айжигитовдун үйүнө барып, жубайы экөөнү тергөөгө чакырган. Ал саясатчынын аялынын Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы кызматына орноштурууга байланыштуу Кылмыш кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча иш тергелип жатканын, анын алкагында Султанбай Айжигитов жана жубайы көрсөтмө бериши керектигин айткан.УКМКнын кызматкери делген адам Султанбай Айжигитовду күбө катары чакырып жатканын да кошумчалаган.
Атайын кызмат бул иш тууралуу комментарий бере элек.
БШК 28-мартта Султанбай Айжигитовдун мандатын алган. Ал жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айткан. Ал талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгон деп билдирген.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров Чүйдүн Сокулук райондук соту 2020-жылдын 14-февралында Султанбай Айжигитовду денеге жеңил жаракат келтирүүгө байланыштуу күнөөлүү деп тапканын, Чүй облустук соту 2021-жылдын 10-июнунда райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырганын, бирок өзү бул маалыматты жашырып койгонун айткан.
Султанбай Айжигитов соттуулугу жок экенин, анын мандаты саясий негизде алынганын билдирип, БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арызданган. Бирок сотко чейинки териштирүү болушу керек деген жүйө менен арызын артка алган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 19-марттагы жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишимдери тууралуу маалымат берген. Ушул эле отурумда “Султанбай Айжигитов 2017-жылы бир баланы уруп кылмыш иши ачылганын, кийин мөөнөтү өттү деген негиз менен кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткенин” айткан. Бул боюнча документтерди БШКга бергенин билдирип “эртең Султанбай Абдрашитовичтин мандатын алып койсо таң калбаңыздар” деген.
Султанбай Айжигитов “баланы сабаганы тууралуу далил жок экенин, ушунун негизинде “мөөнөтү өтүп кетти” деген жүйө менен сот бул ишти жапканын жана соттуулугу жок экенин” айткан.
Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы өз өкүлүнүн мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.
19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу келишимдер ратификациядан өтүп, добуш берүүгө катышкан 85 депутаттын ичинен жалгыз Султанбай Айжигитов каршы добуш берген.
Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. (BTo)