Орусиянын КМШ өлкөлөр институтунун кызматкери Андрей Грозин Казакстанга киргизилген жок. Бул тууралуу аталган институттун сайтында кабарланды.
Грозин бул институттун Казакстан жана Борбор Азия бөлүмүн жетектейт.
Институт ал 27-апрелде Астанадан Казакстанда киргизилбей, артка кайтарылганын, казак тарап мунун себебин түшүндүрбөгөнүн билдирди.
"Баш тартуунун себебин билүү аракетинен майнап чыкпады. 28-апрелге караган түнү Андрей Грозин Москвага кайтууга аргасыз болду", – деп жазылган анда.
Грозин Астанада 28-апрелде боло турган казак-орус мамилесиндеги маселелелерди инвентаризациялоого" арналган иш-чарага, 29-апрелде "Орусия - Казакстан: коопсуздук жана гуманитардык кызматташтык багытындагы алака" деп аталган талкууга катышмак.
Аталган институт 2023-жылы Байкоңур космодромундагы иш-чарага катышуу максатында барган "агартуу уюмунун директору, Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулинди бир нече саат бою кармап, өткөрбөө аракети болгонун" белгиледи.
КМШ өлкөлөр институту (Диаспора жана интеграция институту) 1996-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты "мурдагы советтик мейкиндикти изилдөө, Орусиянын тышкы саясий ишмердүүлүгүн илимий-аналитикалык, коомдук-саясий багытта коштоо, жакынкы чет мамлекеттердеги мекендештер тууралуу маалымат топтоо" деп жазылган.
Казакстандын бийлиги Грозинге байланыштуу комментарий бере элек.