Улуттук банк 2025-жылдагы экинчи интервенцияны жасап, 29-апрелде валюта базарына 158 млн 300 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.
Өлкөнүн негизги банкы 2024-жылы валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Расмий маалыматка ылайык, былтыр 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)