Бир караган кишиге кыргызстандык блогерлерди кимдир бирөө уюштуруп, атайын иш-чара менен алып баргандай сезилет. Алар элдин жашоо-турмушун, соодасын, өндүрүшүн байма-бай чыгарып жүрүшөт.
Жарнамалык роликтери менен таанылган блогер Атакул Жалилов соңку учурда көбүнчө Кытайдын өндүрүшүн чыгарып, ар кандай завод-фабрикаларды көрсөтүп жатат. Ал сапарды өзү эле пландап барганын, алдыда Кытайдан товар ташып иштөө ниети бар экенин айтты.
“Кытайдан товар алып барып сатуу планым бир жыл мурун эле болгон. Бул жакта иштеген балдар менен байланышып, макулдашып жүрүп келдим. Блогерлердин баары эле өзүнүн жумушу менен келишти. Мисалы, Ыдырыс Исаков да үй-бүлөлүк бизнес кылсамбы, кийимдин баасы каерде кандай экен деп базарды изилдеп жүрөт. Азирет Осмонов жана башка автоблогерлер, байерлер да бизнестин артынан эле жүрүшөт.”, - деди Атакул Жалилов.
Кыргыз блогерлердин, ишкерлердин ушул маалда Кытайга агылып барганынын дагы бир себеби – Гуанчжоудогу Кантон көргөзмөсүнө байланыштуу. Кытайдын импорт жана экспорттук товарларынын ири көргөзмөсү катары белгилүү бул иш-чара 5-майга чейин уланат. Бирок бул көргөзмө кыргыз блогерлеринин арты менен быйыл кыргыз коомчулугуна көбүрөөк билинип жатат.
Кытайлык компаниялар менен кызматташып, кыргызстандык ишкерлер үчүн Кытайга турларды уюштурган Мурат Рахманов да учурда коңшу өлкөдө жүрөт. Ал Бээжиндин виза саясаты өзгөрүп, оңой болуп калганын айтып берди.
“Кытай бийлиги Борбор Азияга мамилесин жумшартып атат десек болот. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынып жатканы үчүн бул долбоордун алкагында жүрүп жаткан программалар да бар. Кытай виза берүүнү бир аз жеңилдетти. Мурдагыдай эмес, оңой эле берип калды. Ошол үчүн да бул жакка келген кыргыздар көбөйгөндөй байкалат”.
Америкалык атактуулар да Кытайда саякатта
Кытай эшигин бир эле кошуна өлкөлөрүнө эмес, Батыштагы атактууларды да чакырып, өлкөдөгү абал "медиа айтып жаткандай эмес" экенин далилдөөгө аракетин күчөткөндөй. Кытайдын АКШдагы элчиси Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына апрель айында Кытайдагы мода жумалыгына катышуу үчүн америкалык белгилүү актёр, “Оскардын” эки жолку ээси Эдриан Броуди сүйүктүүсү Жоржина Чапман менен Кытайда болушканын жазды. Ал америкалык атактууларды “Кытайдын башка шаарларын саякаттоого” чакырган.
Мындан бир ай мурун дагы бир америкалык ютубер, 39 миллиондон ашык катталуучусу бар Даррен Уоткинс да Кытайга барып, сегиз бөлүктөн турган жалпы 45 сааттык түз эфир чыгарган. Ал жаңы курулуштарда, тарыхый, маданий жайларда болуп, баарын түз эфирде көрсөтүп турган. Кытайды чагылдыруунун бул жолу “жасалмалуулугу жок, баары кандай болсо ошондой” көрсөткөндөй элес калтырат. Жергиликтүү басылмалар анын келиши менен Кытайдын “Батышта медиадан берилген маалыматтардагыдай эмес, бөтөнчө экени билине баштады” деп жазып жатышты.
Кытайды жалаң жакшы жагынан көрсөткөн бул түз эфирлер кайсы тараптын демилгеси менен ишке ашканы белгисиз. Бирок Кытайга мындай удаа сапарлардын уюштурулуп жатышы Бээжиндин саясатынын жумшарып жатканын көрсөтөт.
Кытайда 12 жылдан бери жашап иштеген ишкер Максат Муктаров өлкөдө интернет соодасы, медиасы жана өндүрүшү ички рынокто күчтөнүп, эми ошол тармактар боюнча дүйнөгө ачылып жатканын айтууда.
“Кытай мурда жабык өлкө катары кабыл алынып, ичиндеги процесстер билинчү эмес. Жабык турган маалда ичинде көп өнүгүүлөр болду. Эми Кытайдын да тышкы саясаты өзгөрүп жатат. Мурда коопсуздукка маани берип, өзүн коргогон болсо, азыр дүйнөгө ачылып, өзүн тааныта баштады. Мындай өзгөрүүгө дүйнөдөгү саясий кырдаал да таасир берип жаткандай. Тарифтердин өзгөрүшү менен Кытай бир эле АКШ же Европанын базарын көздөбөй, бүткүл дүйнөгө ачылып жатат. Өлкөнү дүйнөгө ким таанытат дегенде, бул жумушту блогерлер, журналисттер, белгилүү адамдар кылат. Бул жаатта Бээжин кандайдыр бир жеңилдиктерди кылды окшойт. Мисалы, кыргызстандык журналист Ыдырыс Исаков Кызыл-Сууда, Үрүмчүдө эркин жүрөт. Мындай көрүнүш буга чейин эч болгон эмес. Азыр Кытайда ушундай тенденция башталды. Көргөзмөгө да дүйнөдөгү көптөгөн блогерлер чогулду. Мурда биз Кытай жөнүндө айтып берсек, көбү ишенчү эмес. Эми бул өлкөдөгү өзгөрүүлөр социалдык тармактарда байма-бай чыга баштады”.
"Кыргызстанда иштеген кытай медиалары да көп"
Кытай тышкы саясаттагы принциптерин өзгөртүп жатканы менен адам укугу, эркиндик боюнча Бээжинге айтылган сындар жокко чыга элек. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2017-жылдан тартып ал жактагы саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине миллиондон ашуун уйгур, казак жана ислам динин тутунган башка улуттагы жарандар камалган. Эл аралык уюмдар Кытайдын мындай саясатын кескин сындап чыгышкан, бирок расмий Бээжин Шинжаңдагы саясатын “экстремизмге каршы күрөш”, ал эми саясий лагерлерди “кесиптик кайра даярдоо борборлору” деп атап келет. Жагдайды өз көзү менен көргүсү келген БУУнун жана Батыштын эксперттерин Бээжин бул аймакка жолотпойт.
Мындан улам кытай бийлиги тилин кыска кылган ушундай билдирүүлөр утур-утур талкууланып турган маалымат талаасын өзгөрүп, ачыктык менен өзүнө карата оң маанай жараткысы келип жатканын айткандар бар. Саясий серепчи Кубан Абдымен Кытайда дүйнөлүк социалдык тармактарга дале уруксат берилбей, чыккан контенттерге көзөмөл күч болгону үчүн муну толук ачыктык деп айтууга болбой турганын белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстанда да Кытайдын бир канча медиасынын өкүлчүлүгү иштеп жатат. Маалымат айдыңында алар кескин таасир көрсөтпөгөнү менен Кытайга карата көз карашты өзгөртүү аракети бар экенин айтты.
“Бишкекте таасирдүү делген маалымат каражаттарынын өкүлчүлүктөрү ачылган. Анын ичинде Синьхуа агенттиги иштейт, “Женьмин жибао” гезитинин бул жактагы өкүлдөрү бар. Кыргызстандан, жалпы эле Борбор Азиядан маалыматтарды Кытайга тарата тургандай көп иштер жасалып жатканы талашсыз. Кытай өзүнө зыян бербеген, саясатына каршы кетпеген маалыматтарды чыгарганга аракет кылат. Ошондой эле алар Кытайдагы маалыматтарды да бул аймактарга чыгарып жүрөт. Кытайдын Кыргызстанда “Жибек жолу” маданий-өнүгүү деген гезити бар. Он жылдан ашык иштеп, туруктуу иш алып барган басылма катары белгилүү. Анын Шинжаңда, Бээжинде өкүлчүлүгү бар. Анын бул жактагы өкүлчүлүгүндө Кытайдан келген да кабарчылар иштейт. Алар маданий басылма деген менен, саясий-экономикалык жактан да эки мамлекеттин жакшы деңгээлге чыкканын көрсөткөнгө аракет кылат. Кытайдын Кыргызстанга көрсөтүп келген жардамын көрсөткөн макалаларды чыгарат”.
Бишкек Бээжин менен көп тармактуу кызматташкысы келет
Кытай визасын жеңилдеткенге чейин эле Борбор Азиянын виза берүүдө жеңилдиктетилген режимди киргизишкен. Бул аймактагы Өзбекстан, Казакстан, кийин Кыргызстан Кытайдын жарандарына - Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берген.
Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө виза ачтырган кытай жарандары да Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз режим менен кире алары жазылган. Учурда мамлекеттик мекемелер анын механизмин даярдап жатышат. Туризм департаменти өлкөгө туристтерди тартууда Кытай боюнча чоң потенциал бар деп ишенет.
“2024-жылы Кытайдан 127 миң 956 адам келген. Ал эми 2023-жылы 70 миң 842 киши болгон. Ошондо былтыр келген туристтердин саны 56% өсүп жатат. Мындан тышкары Сиянь, Пекин, Үрүмчү, Ченду шаарларынан түз каттамдар менен туристтер көп келет. Туризм департаменти түз каттамдарды башка шаарлардан уюштуруу сунушу менен кытай тарапка кайрылып жатат. Кытайлыктар үчүн “Жибек жолу” биргелешкен маршруту боюнча саякаттоо кызыктуу. Алар бир келгенде Борбор Азиянын беш өлкөсүн көрүп кетүүгө кызыгат. Бул боюнча механизмдерди иштеп чыгып, тур компаниялар уюштуруп жатышат”, - деди Туризм департаментинин туруктуу өнүктүрүү жана эл аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Акжолова.
Быйыл февралда президент Садыр Жапаров Кытайга сапарында Кытай менен аймактык да, Кыргызстан менен да алакасы бекемделип жатканын белгилеген. Ал ар кайсы аймактарында эң кыска мөөнөттө завод-фабрикалар курулуп, биргелешкен ишканалар ачылып, соода, машина куруу, логистика, транспорт жана электрондук коммерция тармактарында долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалаган.
Айрым эксперттер Кытай менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, документтерди эске алууда кылдат болууну эскертип келет.
2023-жылы май айында “Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларациясына” кол коюлган.