"Гүлендин кыймылынан улам кармалган". "Маарифтин" мугалими Кыргызстанга кайтарылабы?

Азамат Нурмат уулу жубайы Ирзван менен.

"Маариф" (мурдагы "Сапат") фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда динияты Фетхулла Гүлендин кыймылынан улам кармалганы ачыкка чыкты.

Стамбул аэропортунда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу Түркияда тыюу салынган Гүлен кыймылына байланышы бар деп камалганы белгилүү болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну ырастап, мугалим менен үй-бүлөсүн сүйлөштүрүү аракети болуп жатканын билдирди.

Ал тапта кыргыз парламентинин айрым депутаттары, укук коргоочулар Нурмат уулунун укугун коргоону суранып, президентке кайрылышты. Укук коргоочулар бул маселени Түркия менен Кыргызстандын мамлекет башчылары гана чече ала турганын айтып жатышат.

"Баламды алып келип бергилечи"

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулунун ата-энеси, жубайы кыргыз бийлигинен жардам сурап, Бишкекке чейин келишти. Атасы Нурмат Кудайбердиев 20-апрелде Стамбулда кармалган баласы менен азыркыга чейин байланышууга мүмкүн болбой, адвокаты аркылуу кабар алып жатканын айтууда. Азыркы тапта Кыргызстандык мугалимдин абалы, кандай шартта кармалып жатканы боюнча толук маалымат жок.

"Жалпы Кыргызстан боюнча баламдын тагдырына тынчсыздангандар көп болуп, бизге байланышып жатышат. Түркияда элчилик да жакшы иштеп жатат. Президентибизден баламды чыгарып, Кыргызстанга алып келип беришин суранат элек. Дагы канча кармашары белгисиз. Өзүм Москвада болчумун. Бир күн мурун келдим. Балам боюнча маалымат президентке жетти деп ойлойм", - деди Азамат Нурмат уулунун атасы Нурмат Кудайбергенов.

Нурмат уулунун атасы Орусиядан келсе, жубайы эки баласын ээрчитип Каракол шаарынан келген. Алар президентке маселени жеткирүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган бир нече адам менен жолугушуп жатканын айтышат.

"Мен жогорку жактан баламды алып келишин суранам. Бардыгыңыздардан суранам. Балам эртелеп келсинчи", - деди Азаматтын апасы Гүлсара Шамырзаева көзүнө жаш алып.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркияда кармалган мугалимдин жакындары бийликке кайрылды

"Гүлендин колдоочулары колдонгон программаны колдонуптур"

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, Азамат Нурмат уулунун Түркияда кармалышы боюнча маалымат берди.

Ал Нурмат уулу диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” ("Кызмат" - Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” ж ФЕТО деп жарыялаган ред.) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирди.

Алмаз Имангазиев.

“2016-2017-жылдары Түркияда аскердик төңкөрүш кылуу аракети болгон. Азамат Нурмат уулу ошол күндөрү Түркияда бир жатаканада жашап, бир уюлдук тиркемени колдонуптур. Ал көбүнчө Фетхулла Гүлендин колдоочулары колдонуп жүргөн программа экен. Ошонун негизинде Түркия Нурмат уулуна өлкөнүн ичинде издөө жарыялап, кармалган. Жактоочу менен биздин кызматкерлер байланышып жатат. Мен Азамат Нурмат уулунун жубайы, эне-атасы менен жолугуп маалымат бердим”, - деди ал.

Кийинчерээк ТИМ 28-апрелде Консулдук департаментте мугалимдин үй-бүлөсү менен жолугушуу болуп, анын укугун, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштер жөнүндө маалымат берилгенин билдирди.

“Ошондой эле үй-бүлөсүнө адвокат менен түз байланыш түзүү жана Азамат Нурмат уулун үй-бүлө мүчөлөрү менен телефондон сүйлөшүүсүн уюштуруу боюнча иштер улантылууда”, - деп жазылган маалыматта.

Бир учурда Эрдогандын санаалашы болгон Фетхулла Гүленге тиешеси бар делген “Хизмет” же ФЕТОну түрк бийлиги террордук уюм деп эсептейт. Анын тарапташтарын Эрдоган бийлиги Түркиянын ичинен жана колу жеткен башка мамлекеттерден да кармап келет.

Бирок Гүлендин жолдоочулары бул аракеттерди Эрдогандын бийлигинин ойдон чыгарган жалаасы, куугунтугу деп аташат.

Сүрөт Азамат Нурмат уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Азамат Нурмат уулу Газиантеп универститетинин математика факультетин 2017-жылы аяктап, мамлекеттик төңкөрүш аракети учурунда Түркияда болгон. Бирок катардагы студенттин ошол учурдагы окуяга тиешеси болгону боюнча эч кандай далилдер айтылган жок.

Жаш мугалимдин жубайы Ирзван Пахридин кызы мындай деди:

“Түркияда Whatsapp сыяктуу эле бир тиркемени колдонду, бир жатаканада жашады деп айыптап жатыптыр. Азыр биз да ар кандай тиркеме колдонуп, карапайым адам катары жатаканада жашайбыз. 3-4 жыл өтүп түрк бийлиги ошол тиркемелерди колдонуу кылмыш экенин айтышсачы? Ошондо деле кармай беришеби? Мынакей жанымда кызым турат. Жаңы эле кызым "апа, атамды милицияга алып кетиштиби? Мен "барба" деп айтпадым беле деп ыйлап жатат".

Пахридин кызы 29-апрелде кечке маал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде күйөөсү менен байланышууга аракет болорун билдирди. Анын айтымында, Түркиядагы адвокат аркылуу абакта жаткан Нурмат уулун видео байланыштан көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

"Маселени президенттер гана чече алат"

Түрк бийлиги ФЕТО иши боюнча алгачкы жолу Кыргызстандын жаранын кармап жаткан жок. Ошол эле “Сапат” мектебинин жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. Мындан тышкары Түркияга, же Түркия аркылуу башка мамлекетке учуп бараткан кыргыз жарандарын артка кайтарып жиберген учурлар да болгон.

Айрымдар Азамат Нурмат уулунун иши саясий экенин, аны эки президент Эрдоган менен Жапаров гана чече турганын айтып жатат.

Турсунбек Акун.

“2021-жылы Кыргызстандын жараны Орхан Инанды да кармалып, жыйынтыгында соттолуп кеткен. Экинчи жолкусунда Нурмат уулу кармалып, анын эмне болуп жатканы белгисиз. ТИМ нота бериптир, акыйкатчы кайрылыптыр. Мунун баары эч нерсеге жарабайт. Нурмат уулунун кармалышы саясий иш. Кыргызстандын Конституциясында “Кыргызстандын президенти Конституциянын, адамдын жана жарандык укуктарынын, эркиндигинин кепилдиги болуп саналат” деп так жазылып турат. Демек, биздин жарандык укугу тебеленсе, уурдалып кетсе президент Эрдоганга байланышка чыгып, жараныбызды алып келиш керек. “Үйдө баатыр жоодо жок” болуп жатат окшойбуз. Биздин жарандардын укугун тебелей келгенге бардыгы уста. Ал эми башка мамлекет жараныбызды кармап алышса, ага жалтакпыз”, - деди Турсунбек Акун.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да маселени президент чечерин айтып, мугалимдин укугун коргоо боюнча Садыр Жапаровго кайрылганын Телеграмдагы баракчасына жазды.

Стамбулда кармалган кыргыз мугалиминин иши талкууланып турган чакта Түркиянын парламентинин төрагасы Нуман Куртулмуш Бишкекке расмий сапар менен келди. Ал президент баштаган расмий жетекчилер менен жолукту. Бирок ал сүйлөшүүлөрдө Нурмат уулунун маселеси козголгону боюнча маалымат айтылган жок.

Эрдоган бийлиги Кыргызстанга “Себат”, кийинки “Сапат” мектептери боюнча узак жылдар бою доомат артып келген. Акыры алардын максаты ишке ашып, 2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. Азыр Стамбулдун Малтепе районунда кармалып турган Азамат Нурмат уулу соңку сегиз жылдан бери дал ушул мектепте сабак берип келген.