Канададагы парламенттик шайлоодо Либералдык партия алдыга чыкты

Марк Карни

28-апрелде Канадада өткөн парламенттик шайлоодо баштапкы жыйынтык боюнча Либералдык партия алдыда баратат.

Либералдар 161 округда алдыга озду, консерваторлор 150 округда жеңишке жетти. Добуштарды эсептөө уланууда.

Акыркы жыйынтык жарыяланып, либералдардын жеңиши жарыяланса, анын лидери, Канаданын азыркы премьер-министри Марк Карни кайрадан өкмөттү жетектөөнү улантат.

Бир нече ай мурдагы сурамжылоолор 2015-жылдан бери бийликте турган жана эл арасында бедели түшүп кеткен Либералдык партия утулат деген божомолду көрсөткөн.

Байкоочулардын баамында, бул шайлоо адаттан тыш жагдайда өттү. Анткени экономикалык маселелер жана президент Дональд Трамптын Канада АКШнын 51-штаты болушу керек деген сөзү, Вашингон Канаданын импортуна бажы төлөмүн киргизгенине байланыштуу АКШ менен мамиле шайлоочулардын маанайына олуттуу таасир этип, катуу талкууланып жаткан.

Марк Карни Канада эч качан АКШнын бир бөлүгүнө айланбай турганын айтып, Трампты өлкөнү жана анын ресурстарын өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат деп айыптаган.

Дагы караңыз

Депутат Бекешев президентке Түркияда кармалган мугалимдин укугун коргоо боюнча кат жаздыОштогу "Орус үйүнүн" кызматкери үй камагына чыкты