Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу Украинадагы атышуулар үч күнгө токтотуларын жарыялады

Кызыл аянттагы Жеңиш күнүнө арналган парад.

Орусиянын президенти Владимир Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу Украинадагы ок атышуу үч күнгө токтотуларын жарыялады. Украинанын расмий өкүлдөрү 28-апрелде Кремль жарыялаган бул сунушка дароо жооп берген жок.

Бул айда Орусия экинчи жолу атышууну токтотууну сунуштап жатат. Пасха майрамы учурунда согушту убактылуу токтотуу жарыяланганы менен эки тарап тең аны сактаган эмес.

Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгы белгиленет.

Адаттагыдай бул ирет дагы Москванын Кызыл аянтында Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтөт. Мааракелик дата Орусия Украинада согуштук аракеттерин улантып жаткан маалга туш келди. Бул Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле ири куралдуу жаңжал катары саналат.

Учурда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотуу максатында Москва менен Киевди мунасага келтирүү аракетин көрүүдө. Ал адегенде кызматка киришери менен 24 сааттын ичинде куралдуу жаңжалды соңуна чыгарууга убада берген. Кийин бул жараянды алты ай ичинде токтоторун айткан. Азырынча бийликтеги 100 күн ичинде Трамптын аракеттеринен майнап чыга элек.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио согушту токтотуу келишими "жакын арада" түзүлүп калышы мүмкүн экенин билдирди.

Дагы караңыз

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилетМарат Иманкулов Орусия Кыргызстанга С-300 зениттик ракеталык системасын бергенин ырастадыТүндүк Корея аскерлери Орусиянын Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастады