Марат Иманкулов Орусия Кыргызстанга С-300 зениттик ракеталык системасын бергенин ырастады

С-300 зениттик ракеталык системасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орусиядан С-300 зениттик-ракеталык системасынын келиши күтүлүп жатканын “Азаттыкка” ырастады.

“Абадан коргонуу системасы деп Орусия менен сүйлөшүп жатпадык беле? Ошол иш уланып жатат. Бул Кыргызстанга келди болушу керек. Тагыраак маалыматты Коргоо министрлиги берет”, - деди Иманкулов.

Ал буга чейин "Известия" басылмасына да бул боюнча маалымат берип, коргонуу системасы Кыргызстандын аймагына киргенин жана 8-майда Бишкектин борбордук аянтында өтчү парадда бул техника көрсөтүлүшү мүмкүн экенин билдирген.

Кыргызстандын С-300 зениттик ракеталарды алары президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы февралда Орусияга иш сапары учурунда белгилүү болгон. Бул системадан канча даана берилгени тууралуу маалымат жок.

С-300 зениттик ракеталык система Совет мезгилинде, 1979-жылы иштелип чыккан. Бул абадан коргонуу системасы Орусия жана бир канча өлкөдө колдонулат.

Дагы караңыз

Түндүк Корея аскерлери Орусиянын Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастадыТрамп Путинди Украинаны аткылоону токтотуп, макулдашууга кол коюуга чакырдыТүркиянын парламент төрагасы Кыргызстанга сапар менен келдиКыргызстандык мугалим Түркияда Гүлен иши боюнча кармалганы белгилүү болду