Fitch Кыргызстандын насыя рейтингин “туруктуу” деп баалады

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты.

Экономика жана коммерция министрлиги Fitch агенттигинин насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан “туруктуу” деңгээлде деп бааланып, алгачкы жолу “B” категориясы ыйгарылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Fitch 2022–2024-жылдары Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) жылына орточо 9% деңгээлинде өсүп турганын көрсөтүп, энергетика жана тоо-кен тармагына инвестициялардын көбөйгөнүн белгилеген.

Moody’s агенттигинин эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 2024-жылы “тобокел” абалдан “туруктуу” деңгээлге чыккан.

Өлкөнүн рейтинги канчалык жогору болсо, ага ишеним ошончо чоң болот. Дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген насыялык агенттиктер - Moody’s, Fitch жана Standard & Poor's компаниялары.

Бул агенттиктердин рейтинги инвесторлор үчүн да баалуу маалымат болуп эсептелет. Андан тышкары карыз алууда пайыздык чендерге таасир берет. (BTo)

Дагы караңыз

Иранда порттогу жарылуудан каза болгондор 25 кишиге жеттиТоолуу аймактарда жашаган көп балалуу энелерге акча төлөөнүн тартиби сунушталдыОрусиянын Башкы штабы Түндүк Кореянын аскерлери согушка тартылганын ырастадыАзамат Юсупов динди саясий, коммерциялык максатта колдонууга жол берилбесин билдирдиВатиканда Трамп Зеленский менен жолуккандан кийин Путинди сындады