Аба ырайы: күн ачык болот

Бишкек.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күңдүз Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 33…35° болот.

Дагы караңыз

Израил ХАМАСка басымды дагы күчөтүүгө даяр экенин айттыАзамат Юсупов динди саясий, коммерциялык максатта колдонууга жол берилбесин билдирдиЙемен Рас-Иса портунда орусиялык үч суучул жабыркаганын билдирдиФСБ генерал Москаликтин өлүмүнө шектүү киши кармалганын билдирди