Судья Алмаз Апышев үчөөнүн тең мүлкүн конфискациялап, иште жабырлануучу катары өтүп жаткан эки жаранга 13 миллион сомдой төлөп берүүнү милдеттендирген. Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин, аны кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди. Социал-демократтар абактан чыкканы менен ушул чечим күчүндө кала турган болсо, анда шайлоого катыша алышпайт. Алты айга жакын созулган абактан бошотуп, бирок социал-демократтарды саясаттан четтеткен чечим эмнени билдирет?
“Социал-демократтар” иши: Адвокаттар жогорку инстанцияга даттанат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектин Свердлов соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошотту.