Кумтөрдөн 2024-жылы 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлдү

Кумтөр алтын кени.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчиси Бузурман Субанов Кумтөр кенинен 2024-жылы 12 тонна 509 кг алтын алуу пландалып, жыйынтыгында 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөнүн билдирди. Сатылган алтындан 989,1 млн доллар түшкөн.

Бул тууралуу ал “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна “Кумтөр” ишканасынын өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу маалымат берип жатып айтты. “Кыргызалтын” отурумда “Кумтөрдүн” отчётун кабыл алды.

“План боюнча таза киреше 186,8 млн доллар деп белгиленсе, иш жүзүндө 397,4 млн долларды түздү”, – деди Бузурман Субанов.

“Кумтөр” 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кумтөр” компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын Павлоградга чабуулу үч кишинин өмүрүн алды, сегизи жабыркадыБекешев Мамдуманын депутаты Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоону сунуштадыОрусиянын Киевге соккусунун курмандыктары 12ге, жараат алгандар 90го жеттиТокаев "тышкы күчтөр Казакстанга демократияны таңуулап жатканын" айттыЖурналисттер прокуратураны “Апрель” каналына каршы арызын кайтарып алууга чакырдыСултанбеков, Карамушкина, Түрксевер үч жылдык пробация менен абактан бошотулду Акыйкатчы институту камактагы Тилекмат Куреновдон кабар алып чыкты