Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Михаил Матвеевди Кыргызстанда персона нон-грата деп жарыялап, ага жана анын үй-бүлөсүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү Телеграмдагы каналына билдирүү калтырып, Михаил Матвеев Кыргызстан боюнча өтө орой комментарий бергенин айтты.
“Биздин УКМК Орусиянын армиясынын катарында согушууга адамдарды азгырган аялды жана аны менен кошо бир нече кишини кармагандан кийин ушундай билдирүү кылды. Мен УКМК тараптамын. Негизи жагымсыз адамдар тууралуу мыйзам иштеп чыгышыбыз керек. Мындай мыйзам дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Ушундай билдирүүлөрү үчүн алардын Кыргызстанга киришине, өлкөдө кандайдыр бир ишкердик менен алектенүүгө тыюу салышыбыз керек”, - деди ал.
Дастан Бекешев Мамлекеттик думанын депутатынын сөзүнө байланыштуу Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакырып, нота тапшыруу зарыл экенин кошумчалады.
RTVI басылмасы “Россотрудничество” уюмунун Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Наталья Секерина тууралуу макала чыгарган. Анда Мамлекеттик думанын депутаты, Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев Кыргызстанды “уюм” деп атаган.
“Менин оюмча, Кыргызстанга акча которууларды чектеп коюш керек. Мисалы, орусиялык банктардан акча которуу оңой. Ашынып кеткен кичинекей уюмду ордуна коюп коюуга улуу державанын миллион жолу бар”, - деген ал.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон.
Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Алардын толук аты-жөнү азырынча белгисиз. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери болсо, орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышты. Ал “эксперт” жана “саясат таануучу” катары белгилүү.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин – “Жалдануучулук” деген айыптын биринчи бөлүгү “Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу” кине коюлду.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде төрт шектүүнүн тең бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алган.
Атайын кызмат козголгон кылмыш иши, кармалган адамдар тууралуу маалымат бере элек. “Азаттык” Сергей Лапушкиндин, Наталья Секеринанын жакындары менен байланышканда алар комментарий берүүдөн баш тартышты.
Россотрудничество - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) менен иштеп, чет жакта жашаган орусиялыктар жана эл аралык гуманитардык алака менен алектенген федералдык агенттик деп айтылып келет. Бирок ал Орусиянын пропагандасын жайылтат деген сындарга кабылган.
Азербайжан быйыл “Россотрудничество” уюмунун ишин токтотуп, “Орус үйү” деген өкүлчүлүгүн жапкан. Бул уюм Бишкек жана Ош шаарларында активдүү иштейт. Орусия Украинага 2022-жылдын февралында согуш ачкандан кийин “Россотрудничество” Евробиримдиктин жана башка бир нече мамлекеттин санкциясына кирген.
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, Кыргызстанда “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Наталья Секеринаны бошотуп алышарын айтты. (BTo)