Султанбеков, Карамушкина, Түрксевер үч жылдык пробация менен абактан бошотулду

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.

24-апрелдин кечинде "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды. Абактан чыккандардын жакындарынын айтымында, бейшемби күнкү соттук жараянда ишти караган судья күбөлөрдү сурабастан эле чечимди жарыялаган.

Сотто Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин билдирген. Жакындары соттун чечими күтүүсүз болгонун айтууда.

Бир күн мурун Султанбеков судья күбөлөрдүн катышуусу жок эле алардын берген көрсөтмөсүн окуй баштаганын маалымдаган.

Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин айтып келаткан. Кийин тергөөдө Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып коюлган. “Социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Ишке “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары жабык өтүүдө. Темирлан Султанбеков ишти ачык кароону талап кылып, козголгон кылмыш иши негизсиз деп ачкачылык да кармаган.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BkA/AiA)

Дагы караңыз

Айтматов районунун акими коррупцияга шектелип кармалды Индия пакистандыктарды үч күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды Өзбекстан Каримованын активинен дагы 95 миллион долларды кайтарды