Вице-мэр Ошто антикинотеатрларды жабууну сунуштады

Ош шаары.

Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова 24-апрелде мэриянын жыйынында Ошто 2024-жылы антикинотеатрларда жашы жете элек үч кыз зордуктулганын айтып, мындай жайларды жабуу демилгесин көтөрдү.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков сунушту колдоп, чын эле мындай фактылар бар экенин ырастады. Ал антикинотеатрларды жабууга мэрия жана шаардык кеңеш жардам бериши керек экенин билдирди.

Бирок Салтанат Аманова айткан окуялар боюнча тергөө иштери эмне болгонун, кимдер жоопкерчиликке тартылганын тактаган жок.

Антикинотеатрда кардар сыналгыдан эмнени көрөрүн өзү тандайт. Бир нече адам менен чогулуп отурса да болот. Ал үчүн сыналгы коюлган атайын бөлмөлөр бар жана ал жакта шарттар түзүлгөн. Бул кадимки кинотетрлардан бир топ эле айырмаланат. (BTo)

Дагы караңыз

“Россотрудничествонун” башчысы Секеринаны бошотуп алышарын айттыПрокуратура “Апрель” телеканалын жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылдыТрамп Зеленскийди "тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болуп жатат" деп айыптадыОрусия Украинага жапырт сокку урду, Киевде тогуз киши өлдүТышкы иштер министрлиги “Маарифтин” мугалими Түркияда кармалганын ырастадыВашингтондо сот "Америка добушун" жабуу чечимин четке какты ТИМ: Түркияда жер титирөөдөн кыргыз жарандары жабыркаган жок