Стамбулдагы жер титирөөдөн 150дөн ашуун адам жабыркады

Жер титирөөдөн кийин сыртка чыккан тургундар, Стамбул, 23-апрель 2025-жыл.

Түркиянын Стамбул шаарында 23-апрелде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Өлкөнүн расмий органдары табигый кырсык бир катар имараттарга зыян келтиргенин, андан 150дөн ашуун адам жабыркаганын жана күн бою бир нече жолу жер силкингенин кабарлады.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу башкармалыгын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Стамбулдан батыш тарапты көздөй 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Алгачкы силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:13дө катталса, андан соң 12:49да жер дагы титиреп, анын күчү катуу сезилди.

Бул соңку убактарда 16 миллиондон ашык адам жашаган шаардагы эң күчтүү жер титирөө болду.

Түркиянын Билим берүү министрлиги Стамбулдагы мектептердин ишин эки күнгө токтотту.

2023-жылы февралда Түркияда кыйратуучу зилзала болуп, анын кесепетинен он миңдеген адамдар каза болгон.

Дагы караңыз

“Маарифтин” мугалими Түркияга баргандан кийин дайынсыз болуп жатканы кабарланды Вэнс: Киев менен Москва Вашингтондун сунуштарына макул болуш керекКашмирде куралчан адамдар туристтерге ок чыгарып, 26 киши набыт болдуМедиа: Лондондогу жолугушууга башкы дипломаттар катышпайтКамактагы Карасартовага медициналык кароого чыгууга уруксат берилди