Сирияда 2023-жылдын 7-октябрында Израилге болгон кол салууга катышты делген жана АКШ жана Евробиримдикте террордук деп саналган палестиналык "Ислам жихад" тобунун башчылары кармалды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Басылма "Ислам жихад" террористик тобунун Сириядагы өкүлчүлүгүнүн командирлери Халед Халед жана Яссер аз-Зафари кармалганын жазды. Маалыматка караганда, алар беш күн мурун камакка алынып, бирок кармалышынын себеби расмий кабарлана элек.
"Аларды себепсиз кармап турушат", - деп айтылат радикал топтун билдирүүсүндө. Ал кайрылууда "Ислам жихад" тобу башчыларын тез арада бошотууну талап кылды.
Сириянын Ички иштер министрлиги камакка алуу фактысын ырастап, бирок комментарий берүүдөн баш тартты. Дамакстагы палестиналык диаспоранын өкүлү да бул маалыматты ырастады.
Иран каржылаган "Ислам жихад" радикал тобу Сирия жана Ливандагы аскердик базаларда иш алып барып келген.
Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад былтыр жыл аягында козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Жаңы өкмөттүн башына АКШ жана башка бир катар мамлекеттер террордук уюм деп тааныган "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун лидерлери келген.
Сириянын жаңы өкмөтү Тегеран менен дипломатиялык мамилелерди үзүп, Батыш жана Араб өлкөлөрү менен алаканы бекемдөөгө киришти. АКШнын Сирияга болгон талаптарынын бири ирандык жана палестиналык топтор менен аралыкты кармоо болгон.
Израил өз учурунда Сириянын аймагындагы "Ислам жихад" радикал тобунун позициялары сокку уруп келет. Март айында Израил Дамасктын жанындагы имаратка чабуул жасалганын кабарлап, имарат радикал топтун командалык борбору катары колдонулганын билдирген. Радикал топ бул маалыматты четке каккан. (AiA)