Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске патент системасы эки айдын аралыгында кайтарыларын билдирди.
Талас облусуна болгон иш сапарында салыкчылар менен жолугуп, президент Садыр Жапаров салык системасын жеңилдетүү тууралуу жарлыктарга кол койгонун, өкмөт эми мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке киргизерин айтты. Документ парламенттен өткүчө эки айдай убакыт кетерин кошумчалады.
Жаңы салыктык реформалардын алкагында Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.
ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенген ишкерлер ККМдин киришине каршы бир катар нааразылык акцияларын өткөргөн. (BTo)