Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп дайындалды

Нуржан Шайлдабекова.

Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Шайлдабекова бул кызматта Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмундагы (ЕККУ) Кыргызстандын туруктуу өкүлү катары ишин айкалыштырат.

57 жаштагы Шайлдабекова буга чейин тогуз жылга жакын Борбордук шайлоо комиссиясын башкарып, быйыл февралда кызматтан кеткен.

Бул кызматта ал эки жолу президенттик, эки парламентик жана бир нече жолу жергиликтүү шайлоону өткөргөн. БШКнын төрайымы катары Шайлдабекова үч президент менен иштешти.

Ал маалда Боршайкомдун дарегине бир топ сындар да айтылган. Маселен, 2020-жылдагы талаштуу парламенттик шайлоо бийлик алмашууга алып келсе, Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышында эле 20дай депутат ар кандай жагдайда мандатынан ажыратылган. Мындан сырткары айрымдарынын диплому кайрадан текшерилип, депутаттык мандаттарынан кол жууган.

Буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп Төлөндү Макеев иштеп келген.

Дагы караңыз

Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Бердымухамедов Кыргызстанга келди"Оскар" үчүн жасалма интеллекттин жардамы менен тартылган тасмалар дагы ат салыша алатУкраина турак жайларга сокку урууну токтотууну сунуштайт