Тойгонбай Абдыкаров "Кыргызнефтегаздын" директорлор кеңешине мүчө болду

Тойгонбай Абдыкаров.

Тойгонбай Абдыкаров “Кыргызнефтегаз” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин басма сөз кызматы 22-апрелде “Азаттыкка” ырастады.

Мындай чечим ишкананын акционерлеринин 18-апрелдеги жыйынында кабыл алынган. Ал директорлор кеңешиндеги Алыкул Бековдун ордуна келди.

Абдыкаров 2021-2024-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп турган.

“Кыргызнефтегаз” ишканасы былтыр мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 720 миллион сом төккөнүн жана былтыркы консолидацияланган кирешеси 2 миллиард 854 миллион сомго жеткенин билдирди.

Былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров “Кыргызнефтегаз” жана “ПетроКыргызстан” ишканаларынан биргелешип түзүлгөн “Кыргыз Петролеум Компанини” модернизациялоонун башталышына катышкан.

Ишкана билдиргендей, заводдогу модернизациялоо жумуштары аягына чыкса, АИ 95 үлгүсүндөгү бензин, дизель отуну жана башка продукциялар иштелип чыга баштайт.

Дагы караңыз

Амангелдиев: “Керемет банкты” мамлекетке алууну көздөп жатабыз Бишкек: Окуучунун өлүмү боюнча эки кызматкер кызматтан убактылуу четтетилдиКыргыз-тажик чек арасынын дээрлик бардык тилкесинде зым тартылатУКМК жалданмачылыкка шек санап кармагандардын саны төрт кишиге жетти