Президент Жапаров Бахрейндин падышасы менен жолугушту

Садыр Жапаров жана Хамад бин Иса Аль Халифа. Манама, 21-апрель, 2025-жыл

Президент Садыр Жапаров Бахрейнге расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бахрейн мамилесин өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү болду.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү маселесин талкуулады. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгилешти.

Бехрейнге расмий сапар менен 21-апрелде барган Жапаров жолугушууда Хамад бин Иса Аль Халифаны Кыргызстанга чакырды.

Бул Перс булуңунда жайгашкан өлкөгө Кыргызстандын эгемен тарыхында кыргыз президентинин алгачкы сапары.

Дагы караңыз

Орус армиясы Украинаны абадан аткылоону жанданттыКуренов Дубайдан Кыргызстанга кантип жеткирилди?